banner

Студенттер үчүн жаңы чөйрө: КЭУ ИИУда заманбап сквер ачылды

Новости 09:10 28.05.2026

Студенттер үчүн жаңы чөйрө: КЭУ ИИУда заманбап сквер ачылды

Окуу жайдын аймагында студенттер үчүн заманбап, жагымдуу атмосфералуу жана жашыл сквер ачылды. Бул аянтча студенттердин бош убактысын пайдалуу өткөрүп, таза абада эркин пикир алыша турган өзгөчө борборуна айланмакчы.

Жаңы аянтча ыңгайлуу отургучтар, жашыл бак-дарактар жана көрктөндүрүү элементтери менен толук жабдылган. Сырттагы көрктөндүрүү иштери менен бирге, университеттин имаратынын ичине заманбап дизайндагы өзгөчө күзгүлөр да орнотулду. Бул жаңылануу окуу жайдын ички жасалгасына өзгөчө көрк кошуп, студенттер үчүн эң сонун инста-локация болуп берет.

Университеттин ректору Гүлназ Супаева жаңы сквер студенттердин коопсуздугу менен ыңгайлуулугу үчүн багытталганын жана бул кооз аянтча алдыда университеттин коомдук турмушунун жаңы борборуна жана студенттердин сүйүктүү жайына айланарын белгиледи.

Telegram