Новости 08:05 27.05.2026
Курман айт маарек болсун!
Урматтуу профессордук-окутуучулар курамы, кызматкерлер жана кымбаттуу студенттер! Сиздерди ыйык Курман айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Адамзатты боорукерликке, кайрымдуулукка жана руханий тазалыкка үндөгөн бул улуу майрам ар бириңиздердин жүрөгүңүздөргө тынчтык, үмүт жана жакшылык тартууласын.
Курман айт - биримдикти бекемдеп, өз ара урмат-сыйды жана ынтымакты даңазалаган касиеттүү күн. Бул майрам элибиздин руханий баалуулуктарын тереңдетип, коомубузда мээримдүүлүк менен сабырдуулуктун орношуна өбөлгө түзөт.
Бул ыйык Курман айт майрамы ар бир үй-бүлөгө тынчтык, береке жана молчулук алып келсин. Жараткан кабыл кылган курмандыктарды, дуба-тилектерди кабыл алып, элибизге ынтымак, өлкөбүзгө өнүгүү, ал эми сиздерге бекем ден соолук, бакыт-таалай жана узун өмүр алып келсин!
Курман айт маарек болсун!
Урматтоо менен,
М. Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУнун ректору Супаева Г.Т.