Новости 19:05 25.05.2026
УЧЕНЫЙ СОВЕТ: рассмотрены стратегические вопросы, вручена почетная награда
25 мая 2026 года в НИУ КЭУ им. М. Рыскулбекова состоялось очередное заседание Ученого совета. В ходе заседания были обсуждены ключевые направления развития вуза, в частности, подготовка к приемной кампании «Абитуриент-2026», укрепление материально-технической базы, содействие в трудоустройстве выпускников и ряд других актуальных вопросов.
В рамках мероприятия за значительный вклад в развитие культуры университета заслуженная артистка Кыргызской Республики Жамиля Муратова была награждена почетным нагрудным знаком учебного заведения. Коллектив университета искренне поздравил лауреата с наградой и пожелалей дальнейших творческих успехов в деятельности.
В завершение заседания по обсужденным вопросам были высказаны соответствующие предложения и рекомендации, а также определены приоритетные задачи, направленные на дальнейшее развитие университета.
_____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
ОКУМУШТУУЛАР КЕҢЕШИ: Стратегиялык маселелер каралып, ардактуу сыйлык тапшырылды
2026-жылдын 25-майында Муса Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУда Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму өттү. Жыйында окуу жайдын өнүгүү багыттары, атап айтканда, «Абитуриент-2026» кабыл алуу өнөктүгүнө даярдык, материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруу жана башка бир катар актуалдуу маселелер талкууланды.
Иш-чаранын алкагында университеттин маданиятын өстүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн КР эмгек сиңирген артисти Жамиля Муратова окуу жайдын ардактуу төш белгиси менен сыйланды. Университеттин жалпы жамааты сыйлык ээсин кызуу куттуктап, анын мындан аркы ишмердүүлүгүнө чыгармачылык ийгиликтерди каалады.
Жыйындын соңунда көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү сунуш-пикирлер айтылып, университеттин мындан аркы өнүгүүсүнө багытталган милдеттер белгиленди.