Новости 14:45 18.12.2025
12-декабрда Кыргыз тилинин улуттук корпусун түзүү боюнча расмий иш-чара өтүп, долбоордун ишке киришине старт берилди
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, академиктер, окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын тилчи адистери жана IT тармагындагы өнөктөштөр катышты.
Кыргыз тилинин улуттук корпусу — кыргыз тилиндеги тексттерди системалаштырууга, талдоого жана санариптик чөйрөдө колдоого багытталган маанилүү улуттук ресурс. Платформа келечекте билим берүү тармагында, тил илиминде, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдө жана жасалма интеллект технологияларында кеңири колдонулат.
Учурда корпустун программалык бөлүгү жана жасалма интеллект компоненттери толук даярдалып, маалыматтарды киргизүү иши башталды. Бул этапта илимий мекемелердин, мамлекеттик органдардын, билим берүү уюмдарынын жана жалпы жарандардын активдүү катышуусу өзгөчө мааниге ээ.
Кыргыз тилинин улуттук корпусу — мамлекеттик тилди санариптик деңгээлде өнүктүрүүгө багытталган узак мөөнөттүү жана стратегиялык маанидеги долбоор. Ар бир кошулган текст кыргыз тилинин санарип базасын кеңейтүүгө жана анын келечектеги өнүгүүсүнө олуттуу салым кошот.
Корпус менен таанышуу жана катышуу үчүн:
https://www.tilcorpus.kg/