Новости 15:25 18.12.2025
Кыргыз тилинин улуттук корпусун түзүү боюнча расмий иш-чара өтүп, долбоордун ишке киришине старт берилди
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловд баш болгон мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, академиктер, окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын мамлекеттик тил боюнча проректорлору, тил адистери жана IT тармагындагы өнөктөштөр катышты.
Улуттук корпус – кыргыз тилиндеги тексттерди системалаштырууга, талдоого жана санариптик чөйрөдө колдоого багытталган маанилүү улуттук ресурс. Бул платформа келечекте билим берүүдө, тил илиминде, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдө жана жасалма интеллект технологияларында кеңири колдонулат.
Учурда корпустун программалык бөлүгү жана ЖИ компоненттери даярдалып бүттү. Эми негизги этап – маалыматтарды киргизүү иши башталды. Бул процесске илимий мекемелердин, мамлекеттик органдардын, билим берүү уюмдарынын жана жалпы жарандардын катышуусу өзгөчө маанилүү.
Кыргыз тилинин улуттук корпусу — кыргыз тилибиздин санариптик деңгээлде өнүктүрүүгө багытталган узак мөөнөттүү жана стратегиялык долбоор. Ар бир кошулган текст — кыргыз тилдин санарип базасын кеңейтүүгө жана анын келечектеги өнүгүүсүнө чоң салым кошот.
Мамлекеттик тилди колдоого арналган бул ишке бардык жарандар активдүү катышарына ишенебиз.
Корпустун шилтемеси: https://www.tilcorpus.kg/
latest_news
Елисей келишиминин 63 жана Аахен келишиминин 7 жылдык мааракеси...
18:20 26.01.2026
Приглашение на тренинг по кросс-дебатному формату (КДФ)...
16:30 20.01.2026
Курсы повышения квалификации ППС в НИУ КЭУ им. М. Рыскулбекова...
15:45 19.01.2026