banner

КЭУ ИИУда ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫ САЛТАНАТ ЖАНА СЫЙЛЫК ТАПШЫРУУ МЕНЕН БАШТАЛДЫ

Новости 14:00 02.09.2024

КЭУ ИИУда ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫ САЛТАНАТ ЖАНА СЫЙЛЫК ТАПШЫРУУ МЕНЕН БАШТАЛДЫ

Бүгүн, 2-сентябрь Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинде (КЭУ ИИУ) жаңы окуу жылынын башталышына арналган студенттердин салтанаттуу жолугушуусу болуп өттү.
 
Университеттин ректору Алмаз Кадыралиев жана ардактуу ректор Төлөбек Камчыбеков куттуктоо сөздөрү менен студенттерди куттуктап, университет түзүп берген бардык мүмкүнчүлүктү максималдуу пайдаланууга чакырып, алардын окуусуна ийгилик каалашты.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер окуу жана окуудан тышкаркы жетишкендиктери үчүн акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Анын ичинде «Enactus KEU» командасы, ошондой эле «Алтын сертификат» жана «Алтын тамга» ээлер болгон студенттер болду.
 
Майрамдык маанайды «Альфа», «Гамма» жана «Бета» өндүү студенттик бирикмелердин катышуусундагы концерттик программа тартуулады.
Салтанаттуу бөлүктөн кийин университеттин кафедралары биринчи курстун студенттерин лабораториялар, окуу аудиториялары жана окуу багыттары менен тааныштырып, экскурсияларды уюштурушту.
 
Баарыңыздарды окуу жылынын башталышы менен куттуктайбыз жана ийгиликтүү окуу жылын каалайбыз!