Новости 17:30 30.06.2026
КЭУ ИИУнун кызматкерлери Ысык-Көлдө эс алышты
“М. Рыскулбеков атындагы КЭУ” ИИУнун кызматкерлери Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылында жайгашкан “Алтын Кум” пансионатында эс алып кайтышты.
Эс алуу иш-чарасы кесиптик бирлик комитети тарабынан каржылык жактан колдоого алынып, ал эми университеттин тиешелүү уюштуруучулары тарабынан жогорку деңгээлде уюштурулду. Аталган иш-чара университет жамаатынын биримдигин чыңдоого, кызматкерлердин эмгектик демин жогорулатууга, өз ара ынтымактык мамилени бекемдөөгө багытталган маанилүү иш-чаралардын бири болду.
Эс алуучулар үчүн пансионатта бардык зарыл шарттар түзүлүп, бассейн, эс алуу зоналары жана сейилдөө аянтчалары сыяктуу кошумча ыңгайлуулуктар каралып, үч маал ысык тамактануу менен камсыздалды.
Эс алуу мезгили ар түрдүү маданий жана көңүл ачуучу программалар менен коштолду. Ыр- бий кечелери жана оюн-зоок иш-чаралары катышуучуларга өзгөчө жагымдуу маанай тартуулап, жамааттын биримдигин дагы да бекемдеди.
Эс алуучулар уюштурулган жогорку деңгээлдеги шарттар үчүн университеттин жетекчилигине, кесиптик бирлик комитетине, мамлекеттик тил, окуудан тышкаркы жана социалдык иштер боюнча проректордун милдетин аткаруучу Аида Зарлыковага жана жалпы уюштурууларга терең ыраазычылыктарын билдиришти.
latest_news
Успешно завершены курсы повышения квалификации для сотрудников...
18:50 30.06.2026
КЭУ ИИУнун кызматкерлери Ысык-Көлдө эс алышты
17:30 30.06.2026