Новости 18:30 29.05.2026
ИИУ КЭУда окуу жайдын спортчулары жана алардын ата-энелери үчүн салтанаттуу сыйлоо кечеси өттү
2026-жылдын 29-майында М. Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУда университеттин атын республикалык жана эл аралык деңгээлдеги мелдештерде татыктуу коргоп, спорттун ар кыл түрлөрү боюнча ийгиликтерди жараткан студенттерди жана алардын ата-энелерин сыйлоо аземи болуп өттү.
Иш-чара спорт тармагында бийик натыйжаларды көрсөткөн студент-спортчулардын эмгегин баалоо, аларды ар тараптуу колдоо жана университетте сергек жашоо маданиятын андан ары өнүктүрүүнү максат кылат.
Окуу жайдын ректору, э.и.д., профессор Гулназ Супаева студенттердин спорттогу жетишкендиктери окуу жайдын сыймыгы экенин белгилеп, алардын келечектеги ийгиликтерине ишеним артты. Мындан тышкары, билим менен спортту айкалыштырып, жогорку көрсөткүчтөрдү жаратып жаткан жаштар башка студенттер үчүн да мыкты үлгү экенин баса белгиледи.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө университеттин намысын бийик көтөрүп келген студент-спортчуларга Грамоталар, ал эми алардын ийгиликтеринин артында турган, ар дайым дем берип келген ата-энелерине окуу жайдын атынан Ыраазычылык каттар ыйгарылды. Сыйлыктарды окуу жайдын биринчи проректору Байтерекова Гульмира Саматовна салтанаттуу түрдө тапшырып, спортчуларга жана алардын жакындарына өзүнүн жылуу каалоо-тилектерин билдирди.
Салтанат концерттик программа менен коштолуп, жагымдуу маанайда жыйынтыкталды.
latest_news
Студенттер үчүн жаңы чөйрө: КЭУ ИИУда заманбап сквер ачылды ...
09:10 28.05.2026
Курман айт маарек болсун!
08:05 27.05.2026