banner

ЖОЖдор үчүн мамлекеттик тилдеги окуу китептеринин бет ачары өттү

Новости 10:50 20.04.2026

ЖОЖдор үчүн мамлекеттик тилдеги окуу китептеринин бет ачары өттү

2026-жылдын 16-апрелинде Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу «Инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинде жогорку окуу жайлар үчүн мамлекеттик тилде даярдалган окуу китептеринин бет ачары болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча 2021–2025-жылдарга карата мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында уюштурулган.

Аземге Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Козуев Д.И., Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мураталиев М.К., ошондой эле КЭУ ИИУнун ректору Супаева Г.Т., п.и.к доцент Жапаралиева Н.Ж., п.и.к Турпанова Ж.А., п.и.к Шералиева А.Ж., мындан сырткары жогорку окуу жайлардын жетекчилери, окуу китептердин авторлору жана тиешелүү тармактардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Химия», «Физика», «Кыргыз адабияты», «Медициналык паразитология», «Медициналык генетика», «Кинооператорлук чеберчилик», «Электр машиналары», «Бажы төлөмдөрү», «Электроника» жана башка багыттар боюнча мамлекеттик тилде даярдалган окуу китептер тааныштырылды.

Жыйындын алкагында мамлекеттик тилдеги сапаттуу окуу материалдарын даярдоонун мааниси белгиленип, бул демилге билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана өлкөнүн илимий потенциалын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү айтылды.

Иш-чаранын жыйынтыгында окуу китептердин нускалары жогорку окуу жайлардын өкүлдөрүнө билим берүү процессинде колдонуу үчүн тапшырылды.

КЭУ ИИУнун жалпы жамааты окуу куралдардын авторлорун - педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Жапаралиева Н.Ж., п.и.к Турпанова Ж.А., п.и.к Шералиева А.Ж.ны куттуктап, аларга мындан аркы илимий жана чыгармачыл ийгиликтерди каалайт.

Telegram