
Новости 16:00 10.03.2025
КЭУ ИИУ: Кыргызстандын суу ресурстарын башкаруудагы жаңы ыкмалар
2025-жылдын 6-март күнү “М.Рыскулбеков атындагы КЭУ” ИИУда Кыргыз Республикасынын Суу форумунун алкагында уюштурулган "Кыргызстандын суу ресурстарын башкаруудагы КЭУ ИИУнун ролу" темасында тегерек стол өткөрдү.
Иш-чара илимий долбоорлорду иштеп чыгуу, тарифтик саясат жана суу ресурстарын башкаруунун экономикалык механизмдери маселелерин талкуулоо үчүн алдыңкы эксперттерди чогултту. Катышуучулардын арасында:
*Алмаз Кадыралиев – КЭУ ИИУнун ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор,
*Динара Турсуналиева - окуу-методикалык иштер боюнча проректор, экономика илимдеринин кандидаты,
*Гүлназ Супаева - илим, инновация жана Мамлекеттик тил боюнча проректор, экономика илимдеринин доктору,
*Жылдызкан Садабаева - КР Айыл чарба министрлигинин алдындагы суу чарба департаментинин башкы адиси,
* Александр Мартусевич (Австрия, онлайн) — эл аралык прикладдык Системалык анализ институтунун Улук конок изилдөөчүсү.
Дискуссиянын натыйжасында суу ресурстары боюнча компетенциялар борборунун ишин улантуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өнөктөштөр менен кызматташууну жөнгө салуу чечими кабыл алынды.
latest_news

КЭУ ИИУ: Кыргызстандын суу ресурстарын башкаруудагы жаңы ыкмалар ...
16:00 10.03.2025

УЧАСТИЕ В МЕЖВУЗОВСКОЙ НАУЧНОЙ КОНФЕРЕНЦИИ
13:50 10.03.2025

УНИВЕРСИТЕТТЕР АРАЛЫК ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШУУ
13:20 10.03.2025

НИУ КЭУ: новые подходы в управлении водными ресурсами Кыргызстана...
12:05 10.03.2025