Новости 15:40 31.12.2025
«Кош Жылдыз» — чыгармачылык менен бириккен таланттар
2025-жылдын 29-декабрында М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинде жылдын эң өзгөчө чыгармачылык иш-чараларынын бири — «Кош Жылдыз» кароо-сынак конкурсу болуп өттү.
Бул конкурс чыгармачылыкты, сахна маданиятын жана эстетикалык табитти өнүктүрүүгө багытталып, катышуучуларга өз таланттарын көрсөтүүгө, оригиналдуу образдарды жаратууга жана көрүүчүлөрдү таасирлентүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Сынакка жалпысынан 8 жуп (16 катышуучу) катышты. Ар бир жуп сахнада өзүнүн артисттик чеберчилигин жана таймаштык жөндөмүн көрсөттү. Конкурс эки негизги этаптан турду: саламдашуу жана ыр сынагы.
Саламдашуу этабында катышуучулар өздөрүн тааныштырып, оригиналдуу образдарын тартуулашса, ыр сынагында вокалдык жана сахналык чыгармачылыгын айкалыштырып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.
Кароо-сынактын адилеттүү өтүшүн төмөнкү калыстар тобу камсыз кылды:
— Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, ырчы, композитор Клара Апас;
— Кыргыз маданиятынын отличниги, режиссёр, балетмейстер, «Шертай» студиясынын директору Нурдана Тыналиева;
— Университеттин ректору Супаева Гульназ Тынаевна;
— Маркетинг жана ресторандык бизнес кафедрасынын башчысы Алымбеков Кенешбек Асанкожоевич;
— Маданий-эстетикалык борборунун директору Джамиля Эдильевна.
Конкурс учурунда ар бир жуп өзүнүн индивидуалдуулугу жана чыгармачылык күчү менен айырмаланып, сахнада толук ачылууга аракет кылды. Бул иш-чара катышуучулар үчүн да, көрүүчүлөр үчүн да чоң тажрыйба жана жагымдуу таасир калтырды.
Калыстар тобунун чечимине ылайык жеңүүчүлөр аныкталды:
Баш байге — 8-жуп (Кутанов Нурсултан, Аманидинова Галина)
I орун — 4-жуп (Ширинбекова Сезим, Алкадыров Кадыр)
II орун — 3-жуп (Сурамбаева Астра, Токсобаев Булат)
III орун — 7-жуп (Аширакунова Айчурок, Затравина Светлана)
29 декабря в Кыргызском экономическом научно-исследовательском университете имени М. Рыскулбекова прошёл самый необычный творческий конкурс - «Кош Жылдыз». Этот конкурс был направлен на развитие творческих способностей, сценической культуры и эстетического вкуса. Он дал участникам возможность показать свои таланты, создать оригинальные образы и впечатлить зрителей.
В конкурсе участвовало 8 пар (16 участников). Каждая пара демонстрировала на сцене своё мастерство, соревновательную способность, пластику и артистическое мастерство. Участники проверяли свои силы в вокальном конкурсе. Конкурс проходил в двух основных этапах: приветствие и вокальный конкурс. Во время приветствия участники представляли себя, демонстрируя на сцене тёплый и оригинальный образ, а в вокальном конкурсе сочетали талант с сценическим мастерством, радуя зрителей.
Судейскую коллегию, обеспечивавшую справедливое проведение конкурса, составили:
Певица, композитор, преподаватель вокала, заслуженный деятель культуры Кыргызской Республики, — Клара Апас;
Отличник культуры Кыргызстана, режиссёр, балетмейстер, балетный танцор, директор студии «Шертай» — Нурдана Тыналиева; Ректор Кыргызского экономического научно-исследовательского университета имени М. Рыскулбекова - Супаева Гульназ Тынаевна; Зав. кафедрой маркетинга и ресторанного бизнеса — Кенешбек Алымбеков; Директор культурно-эстетического центра — Джамиля Эдильевна.
Список участников:
1- я пара —Иманалиева Баркул жана Сулайманов Куттубек «Жаӊы жылды тосолу»
2-я пара - Манас Токтобекович жана Сопубекова Нуркыз «Не законченный роман»
3-я пара - Сурамбаева Астра жана Токсобаев Булат «5 минут»
4-я пара - Ширинбекова Сезим жана Алкадыров Кадыр «Восточные сказки»
5-я пара — Кенжебаева Айсалкын жана Суеркулов Сатыбалды «Ай молмол»
6-я пара — Аширова Нургул и Уметалиев Калысбек «Кызгалдак»
7-я пара — Аширакунова Айчурок и Затравина Светлана «Жаӊы жыл»
8-я пара — Кутанов Нурсултан и Аманидинова Галина «Кош Жылдыз»
В ходе конкурса каждая пара отличалась своими сильными сторонами и индивидуальностью, удивляя зрителей. Артистизм, пластика и мастерство участников позволили им полностью раскрыться на сцене. Это мероприятие дало много полезного не только зрителям, но и самим участникам: возможность правильно себя показать, работать в команде и развивать творчество
По решению жюри были определены победители:
Гран-при: 8-я пара (Кутанов Нурсултан, Аманидинова Галина)
I место: 4-я пара (Ширинбекова Сезим, Алкадыров Кадыр)
II место: 3-я пара (Сурамбаева Астра, Токсобаев Булат)
III место: 7-я пара (Аширакунова Айчурок, Затравина Светлана)
latest_news
Бесплатные вебинары CLARIVATE (ZOOM)
15:35 10.01.2026
«Кош Жылдыз» — чыгармачылык менен бириккен таланттар...
15:40 31.12.2025
Ректордун 2026-Жаңы жылга карата куттуктоосу
11:10 30.12.2025