banner

«КАРА-КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯЛЫК ОБЛАСТЫ КЫРГЫЗ КООМУНУН САЯСИЙ СИСТЕМАСЫНЫН НЕГИЗИ КАТАРЫ»

Новости 14:15 19.09.2024

«КАРА-КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯЛЫК ОБЛАСТЫ КЫРГЫЗ КООМУНУН САЯСИЙ СИСТЕМАСЫНЫН НЕГИЗИ КАТАРЫ»

2024-жылдын 17-сентябрында М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинде Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана экономика илимдеринин доктору, профессор Т.К. Камчыбеков 75 жылдык мааракесине арналган Экономикалык Форумдун алкагында «Философия жана коомдук-гуманитардык илимдер» кафедрасы конок лекция уюштурду.

«Кара-Кыргыз автономиялуу областы кыргыз коомунун саясий системасынын негизи» деген темада тарых илимдеринин кандидаты, доцент   Б. Джамгерчинов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын 20-21-жылдардагы Кыргызстан тарыхы тарых, археология жана этнология бөлүмүнүн башчысы Аида Эсенгуловна Кубатова мейман лекция окуп берди.

Лекция эгемендүү мамлекет түзүү идеясынын жаралышы жана бул идеяны ишке ашыруунун тарыхый аспектилерине улуттук интеллигенциянын өкүлдөрү Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Ишеналы Арабаевдин ишмердүүлүгүнө арналды.

1924-жылы январь айында Буткул Түркстан Советтеринин XII съезди болуп өттү. Борбордук Аткаруу Комитетине кат берилип, анда кыргыздар байыркы эл экени, өз маданияты, өз тили, аймагы бар жана мамлекеттин жашоо принциптерин толук далилдегени белгиленген.

«Эгерде өзүнчө Кыргыз мамлекети түзүлсө, анда биз Кытай менен чектеш мамлекет катары чек араны кайтарабыз», - деп айтылат катта.

Уюштуруучулардын биргелешкен аракеттеринин аркасында 1924-жылдын 14-октябрында ири мамлекеттүүлүк - Кара-Кыргыз автономиялуу облусу негизделген.

Лекция жогорку илимий-теориялык децгээлде окулуп, бардык угуучулар кунт коюп угушуп, лекциянын аягында лекторго суроолорун берип, жоопторду алышты.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институту менен мындан ары кызматташуу сунушталып, Кубатова Аида Эсенгуловнага ыраазычылык билдирилди.

Философия жана коомдук - гуманитардык илимдер кафедрасы