banner

Python программалоо тили курсу кыргыз тилинде жеткиликтүү

Новости 13:20 25.01.2024

Python программалоо тили курсу кыргыз тилинде жеткиликтүү

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу менен Пайтон программалоо тили боюнча окуу курсу иштелип чыкты. Бул 2022-жылы аталган министрлик жаштардын жана аялдардын санариптик сабаттуулугун жана көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча «Санарип Инсан» долбоорун колдоо чечиминен кийин ишке ашып отурат.

 

Маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү кесиптер учурда эң көп акы төлөнгөн кесиптердин катарында. Бирок бул мүмкүнчүлүктөрдү өздөштүрүү үчүн жарандар тилдик тоскоолдуктарга туш болуп келген. Атап айтканда, өлкөдө программалоо боюнча негизги окуу материалдары орус тилинде болгондуктан, бул орусча билбегендер үчүн чоң көйгөй.

Бул көйгөйдү чечүү үчүн Sanarip Insan долбоору Python программалоо тили боюнча кыргыз тилиндеги курстарды иштеп чыкты. Программалоо менен таанышып, IT тармагындагы кызыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн аныктоону каалаган жаштар үчүн 70тен ашык видеосабактар ​​жана атайын материалдар түзүлдү. Алар жеке жана мамлекеттик билим берүү жайларынын окуучулары жана студенттери үчүн окуу курстарын, орто мектептердин информатика мугалимдери үчүн Python сабактарын окутуунун атайын методикалык презентацияларын камтыйт. Бул материалдарды жогорку билим берүү системасынын Moodle LMS платформасына да жүктөсө болот.

Python эң популярдуу программалоо тилдеринин бири жана Python программисттеринин эмгек акысы улуттук орточо көрсөткүчтөн бир топ жогору. Бул жаштарга чет өлкөдөн жумуш издөөнүн ордуна IT тармагында атаандаштыкка жөндөмдүү мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Python программалоо тили боюнча видео сабактар - ийкемдүү жана күчтүү программалоо тилин өздөштүрүүнү сунуштайт. Курс Pythonдун негиздерин үйрөнүүнү жана программалоо жөндөмүн өнүктүрүүнү каалаган жарандар үчүн иштелип чыккан. Бул видеосабактар Python программалоо тилин оңой жана ишенимдүү үйрөнүүгө жардам берет. Python программалоо тили боюнча видеосабактар ​​бул программалоо тилин өздөштүрүп, аны веб-иштеп чыгуу, илимий изилдөө, маалыматтарды талдоо жана башка ар түрдүү тармактарда колдонууну каалагандар үчүн эң сонун тандоо.


Окуу материалдарын кийинки шилтеме аркылуу көчүрүп алыныз:

https://drive.google.com/drive/folders/1xI6klcW2IFy9F062uZz9und21KhiScV_?usp=sharing