Новости 13:00 24.04.2026
СТУДЕНТТЕР ИЛИМДЕ: «КЫЛЫМ КАРЫТКАН УЛУТТУК ДЕМ: ТУНГУЧ АГАРТУУЧУЛАР» СИМПОЗИУМУ
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети тарабынан Биринчи түркологиялык курултайдын 100 жылдыгына карата «Кылым карыткан улуттук дем: тунгуч агартуучулар» аттуу I Эл аралык студенттик симпозиум уюштурулду.
Аталган симпозиумга М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин 1-курс студенттери да катышып, мазмундуу илимий баяндамаларын сунушташты.
Иш-чарага ар түрдүү жогорку окуу жайлардын студенттери, ошондой эле чет өлкөлүк катышуучулар активдүү катышып, симпозиум жогорку деңгээлде өттү.
I Эл аралык студенттик симпозиумга даярдоо иштерин мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасынын окутуучулары — Жапралиева Н.Ж., Ибраимова Ж.Т., Дүйшоналиева С.А., Асанова Д.К. жүргүзүштү.
latest_news
ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРЕДЗАЩИТЕ
12:55 10.06.2026
ДИАЛОГ ПОКОЛЕНИЙ: визит к почетному профессору К. С. Сулайманову...
18:45 04.06.2026