Новости 18:20 16.10.2026
Тил күнүнө арналган "Кыргыз тили: улуттук мурастан санариптик ааламга" аттуу иш- чара өттү
2026-жылдын 16-октябрында М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган «Кыргыз тили: улуттук мурастан санариптик ааламдашууга» аттуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты – кыргыз тилинин улуттук иденттүүлүктү калыптандыруудагы жана руханий-маданий мурастарды сактоодогу ордун бекемдөө, мамлекеттик тилдин коомдук турмуштагы жана билим берүү системасындагы колдонулуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле санариптик доордун талаптарына ылайык кыргыз тилин өнүктүрүүнүн жаңы багыттарын талкуулоо, жаш муундардын улуттук баалуулуктарга болгон сый-урматын арттыруу, мамлекеттик тилди заманбап технологиялар менен айкалыштырып окутуунун натыйжалуу жолдорун жайылтуу жана кыргыз тилинин санариптик мейкиндиктеги атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чарага мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, тил саясаты боюнча адистер, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, окумуштуулар, окутуучулар жана студенттер катышты.
Жыйынды Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Назира Жакыповна Жапаралиева ачып, мамлекеттик тилдин коомдун өнүгүшүндөгү маанисине жана улуттук баалуулуктарды жаш муундарга жеткирүүдөгү ролуна токтолду.
Андан соң университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, доцент Гульназ Тынаевна Супаева сөз сүйлөп, мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө жогорку окуу жайлардын кошкон салымы, билим берүүдө кыргыз тилинин колдонулуу чөйрөсүн кеңейтүү жана улуттук наркты сактоонун мааниси тууралуу ой бөлүштү.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Окуу-маалыматтык жана котормо борборунун директору Карлыгач Жумакадырова, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Аида Огобековна Ишеналиева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук ишмер Табылды Муратбекович Муратбеков мамлекеттик тил саясатынын актуалдуу маселелери, кыргыз тилинин коомдогу орду жана улуттук баалуулуктарды сактоонун мааниси боюнча пикирлерин билдиришти.
Ошондой эле Эл аралык жогорку медициналык мектебинин Мамлекеттик тил жана тил саясаты бөлүмүнүн башчысы Рима Жеңишовна Зайыркулова жогорку билим берүү системасында мамлекеттик тилдин ордун бекемдөө жана аны окутуунун заманбап ыкмаларын өркүндөтүү маселелерине көңүл бурду.
Иш-чаранын өзгөчө маанилүү бөлүгү кыргыз тилинин санариптик технологиялар менен байланышына арналды. «Тилимпоз» долбоорунун негиздөөчүсү, филолог, экономист Тилек Мирлан жана оратордук чеберчилик курсунун негиздөөчүсү Тунук Сапарбекова катышкан талкууларда кыргыз тилин жаңы технологиялардын жардамы менен жайылтуу, тил үйрөнүүгө кызыгууну арттыруу жана жаштардын сүйлөө маданиятын өнүктүрүү маселелери көңүл борборунда болду.
Иш-чаранын жыйынтыгында мамлекеттик тилдин коомдук жана билим берүү чөйрөсүндөгү ордун бекемдөөгө, кыргыз тилин санариптик мейкиндикте өнүктүрүүгө жана улуттук баалуулуктарды жайылтууга багытталган сунуштар талкууланды.
«Кыргыз тили: улуттук мурастан санариптик ааламдашууга» аттуу иш-чара мамлекеттик тилдин өнүгүүсү салттуу баалуулуктарды сактоо менен гана чектелбестен, илимдин, билимдин жана жаңы технологиялардын жетишкендиктери менен бирге жүрүүгө тийиш экендигин дагы бир жолу айгинеледи.
Мындай демилгелер кыргыз тилинин коомдогу кадыр-баркын арттырууга, жаштардын улуттук аң-сезимин бекемдөөгө, мамлекеттик тилди заманбап талаптарга ылайык өнүктүрүүгө жана келечек муундарга бай руханий мурас катары жеткирүүгө өбөлгө түзөт.
Кыргыз тили – улуттун уңгусу, руханий байлыгы жана санариптик келечекке ишенимдүү кадамы!