banner

«Эне тилим — жүрөгүм»: КЭУ ИИУда Кыргыз тили күнү белгиленди

Новости 14:45 23.09.2026

«Эне тилим — жүрөгүм»: КЭУ ИИУда Кыргыз тили күнү белгиленди

2026-жылдын 23-сентябрында М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин чоң залында Мамлекеттик тилдин 37 жылдыгына карата «Эне тилим — жүрөгүм» аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Саамалык Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим жана инновациялар министрлигинин жогорку окуу жайларында Мамлекеттик тил күнүнө карата бекитилген буйругунун негизинде уюштурулган Мамлекеттик тил жумалыгынын алкагында өткөрүлдү.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Экономика жана тейлөө колледжинин таланттуу студенттери эне тилди даңазалаган ырларды аткарып, бийлеп, комуз чертип, Манас айтып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Студенттердин чыгармачылык номерлери мааракенин көркүн ачып, катышуучуларга өзгөчө маанай тартуулады.

Иш-чаранын алкагында мындан тышкары мамлекеттик тилде жарык көргөн көркөм жана окуу китептеринин көргөзмөсү уюштурулду. Көргөзмө студенттердин кыргыз тилиндеги адабияттарга болгон кызыгуусун арттырууга, китеп окуу маданиятын өнүктүрүүгө жана эне тилибиздин бай мурасын таанып-билүүгө багытталды.

Telegram