banner

КЭУ ИИУда тарификациялык комиссиянын отуруму өтүп, ректордун жылдык отчету угулду

Новости 15:55 18.06.2026

КЭУ ИИУда тарификациялык комиссиянын отуруму өтүп, ректордун жылдык отчету угулду

2026-жылдын 15–18-июнь күндөрү "М. Рыскулбеков атындагы КЭУ" ИИУда 2026–2027-окуу жылына карата окуу жүктөмдөрүн бөлүштүрүү боюнча тарификациялык комиссиянын отурумдары өткөрүлдү.

Тарификациялык комиссия университеттин ректорунун 2026-жылдын 11-майындагы №89 буйругунун негизинде түзүлүп, курамына 13 мүчө кирди. Комиссиянын төрайымы болуп университеттин ректору Г.Т. Супаева, ал эми төрайымдын орун басары болуп окуу-методикалык иштер боюнча проректор Г.С. Байтерекова дайындалган.

Отурумдардын жүрүшүндө ректордун 2025–2026-окуу жылында аткарылган иштер боюнча отчету угулуп, анда билим берүү процессин өнүктүрүү, илимий-изилдөө иштерин өркүндөтүү, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү, студенттердин окуудан тышкаркы ишмердүүлүгүн колдоо жана университеттин инфраструктурасын жакшыртуу багыттары боюнча жүргүзүлгөн иштер каралды.

Ошондой эле кафедралар жана колледждин предметтик-методикалык комиссиялары тарабынан даярдалган окуу жүктөмдөрүн бөлүштүрүү, штаттык ырааттама жана профессордук-окутуучулук курамдын ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар маселелер талкууланды.

Отурумдун жыйынтыгында каралган документтер белгиленген тартипте бекитүүгө сунушталып, жаңы окуу жылына карата окуу процессин сапаттуу уюштуруу жана кадрдык камсыздоону натыйжалуу пландаштыруу боюнча тиешелүү милдеттер белгиленди.

Telegram