20-сентябрь күнү мамлекеттик тил майрамына карата КЭУда «Тил – улуттук мурас» аттуу маданий иш-чара болуп өттү

       2017 жылдын 20-сентябрь күнү мамлекеттик тил майрамына карата М.Рыскулбеков атындагы КЭУда Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын уюштуруусу менен «Тил – улуттук мурас» аттуу маданий иш-чара болуп өттү.

       Бул иш-чараны уюштуруу менен негизги максаты окуу жайдагы мамлекеттик тилдин өнүгүшүн жана ага салым кошкондорду белгилөө,улуттук мадиятты даӊазалоо аркылуу студент-жаштарды мамлекеттик тилде так сүйлөөгө үгүттөө,аны көздүн карегиндей сактоо болуп саналат.

       Иш- чарага келген конокторго концерттик программалар тартууланып, мамлекеттик тилдин бүгүнкү абалы, көйгөйлөрү менен катар жетишкендиктери белгиленди. Ошондой эле  ЭлТР каналынан журналистер келишип, иш-чарага катышып   Илим жана Мамлекеттик тил боюнча  проректору Көбөгөн Атышовичтен жана Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын башчысы Назира Жакыповнадан баяндама алышты.