banner

Кыргызстандык ишкерлерге Европа Биримдигинин рыногуна чыгуу үчүн эл аралык сооданын эрежелери үйрөтүлөт.

Новости 15:00 17.09.2022

Кыргызстандык ишкерлерге Европа Биримдигинин рыногуна чыгуу үчүн эл аралык сооданын эрежелери үйрөтүлөт.

Эл аралык сооданы өнүктүрүү программасы онлайн сабактардан жана консультациялардан, ошондой эле семинарлардан турат. Ал Эл аралык соода борбору тарабынан Ready4Trade Борбордук Азия долбоорунун алкагында иштелип чыккан. Биринчи семинар Бишкекте М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин базасында өттү.
Катышуучулардын бири, Чакан ГЭСтер ассоциациясынын президенти, Эльвира Боромбаева мындай деп белгиледи: «Кыргызстандын ишкерлери үчүн Европа Биримдиги – ишке ашпаган мүмкүнчүлүктөрдүн чоң рыногу. Бизде Европа Биримдиги менен соода мамилелеринде преференциялар бар, аны биз толук өлчөмдө колдонбойбуз, анткени эл аралык сооданын эрежелери жана соода операцияларынын нюанстары боюнча билимибиз жетишсиз. Муну оңдоо үчүн ушундай тренингдерди өтүү керек. Ошондуктан, уюштуруучуларга чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдиргим келет».
29-сентябрдан 30-сентябрга чейин Ысык-Көлдө Кыргызстандын кичи жана орто бизнеси үчүн экспорт жана эл аралык соода боюнча акысыз семинар өтөт. Көбүрөөк маалыматты Ready4Trade Центральная Азия баракчасында алсаңыз болот.
Ready4Trade долбоору Европа Биримдиги тарабынан каржыланып, Эл аралык соода борбору тарабынан ишке ашырылат.
Кыргызстанских предпринимателей обучают правилам международной торговли для выхода на рынок Европейского Союза.
Программа по развитию международной торговли состоит из онлайн занятий и консультаций, а также семинаров. Она разработана Международным торговым центром в рамках проекта Ready4Trade Центральная Азия. Первый семинар прошел на базе Кыргызского экономического университета им. М. Рыскулбекова в Бишкеке.
Одна из участниц, Эльвира Боромбаева, президент Ассоциации малых ГЭС, отметила: «Европейский Союз для предпринимателей из Кыргызстана – огромный рынок нереализованных возможностей. У нас есть преференции в торговых отношениях с Европейским Союзом, которые мы не используем в полной мере, потому что у нас недостаточно знаний о правилах международной торговли и нюансах торговых операций. Чтобы это исправить, нужно проходить вот такие тренинги. Поэтому я хочу от всей души поблагодарить организаторов».
С 29 по 30 сентября пройдет бесплатный семинар по экспорту и международной торговле для малого и среднего бизнеса из Кыргызстана на Иссык-Куле. Больше информации вы можете получить на странице Ready4Trade Центральная Азия
Проект Ready4Trade финансируется Европейским Союзом и реализуется Международным торговым центром.