Новости 10:00 12.12.2025
Муса Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУнун ректору Супаева Гулназ Тынаевнанын Улуттук адабият кунуне арналган куттуктоосу
Урматтуу кесиптештер, студенттер жана адабият сүйүүчүлөр!
Сиздерди 12-декабрь – Улуттук адабият күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Бул күн – элибиздин руханий дүйнөсүн, тарыхын, салтын, маданий баалуулуктарын сактап, муундан-муунга жеткирген бай адабий мурасыбызды даңазалаган өзгөчө маанилүү күн.
Улуттук адабият – бул биздин тарыхыбыздын калпагы, элибиздин акыл-парасатынын чокусу. Айрыкча залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов баштаган улуу сөз ээлеринин мурастары дүйнөнү таң калтырып, кыргыз элинин даңкын алыска таратты. Адабият адамдын руханий дүйнөсүн байытып, ой-жүгүртүүсүн кеңейтет, адамдык касиетке, боорукерликке жана адеп-ахлакка тарбиялайт.
М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университети катары биз улуттук маданиятты, адабиятты, илимди колдоону жана студенттердин чыгармачылык келечегин өнүктүрүүнү мындан ары да улантабыз.
Бардыгыңыздарга чыгармачылык дем, ийгилик жана руханий байлык каалайм!
Улуттук адабият күнү жүрөктөрүңүзгө нур берип, жаңы ойлорго жана жаңы изденүүлөргө шыктандырсын!
Урматым менен,
Супаева Гүлназ Тынаевна,
Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин ректору
Поздравление ректора НИУ КЭУ имени Мусы Рыскулбекова Гульназ Тынаеевны Супаевой, посвящённое Дню национальной литературы
Уважаемые коллеги, студенты и ценители литературы!
От всей души поздравляю вас с 12 декабря – Днём национальной литературы! Этот праздник напоминает нам о богатом духовном наследии кыргызского народа, о величайших произведениях, которые формируют мировоззрение, воспитывают культуру и сохраняют нашу историю.
Национальная литература — это источник нашей мудрости и духовной силы. Творчество великих писателей, в частности Чингиза Айтматова, прославило Кыргызстан на весь мир и стало символом гуманизма, глубокого философского осмысления и высоких нравственных ценностей.
Как университет, мы и впредь будем поддерживать развитие национальной культуры, научных исследований и творческих инициатив студентов, способствуя их профессиональному и интеллектуальному росту.
Желаю всем вдохновения, творческих успехов и духовного богатства!
Пусть День национальной литературы принесёт вам новые идеи, светлые эмоции и стремление к знанию!
С уважением,
Гулназ Тынаевна Супаева,
Ректор Кыргызского экономического научно-исследовательского университета