
Новости 09:25 08.10.2025
Молодёжь и лидерство: голос КЭУ в ООН
25 сентября 2025 года преподаватель Прикладная экономика и управление им. Ш.Б. Алманбетова Назаркулова Гульзана Аманкуловна приняла участие в заседании ООН, посвящённом к 30-летию Всемирной программы действий в интересах молодежи. Мероприятие собрало представителей государств, международных организаций и молодёжь со всего мира для обсуждения роли молодёжи в современных глобальных процессах.
В своём выступлении Назаркулова Г.Н. подчеркнула значимость партнёрства с Организацией Объединённых Наций, отметив положительные изменения, происходящие в стране при поддержке Президента Кыргызской Республики Садыра Нургожоевича Жапарова, про масштабные инициативы, направленные на развитие молодежи, способного внести значительный вклад в будущее Кыргызстана и создание условий для ее успешной реализации.
Назаркулова Г.А. озвучила конкретные направления, в которых по мнению молодежи необходимо развивать государственную и международную поддержку молодёжи: обеспечение качественного образования, объединяющего глобальные навыки и национальные реалии; создание условий для достойного труда и предпринимательства, развитие цифровой инфраструктуры как основы для инноваций и глобальной конкуренции; реализация механизмов возвращения молодых специалистов, получивших образование за рубежом и работающих за границей; вовлечение молодежи в принятие решений на всех уровнях. С поддержкой Организации Объединённых Наций и совместными усилиями государств можно создать такие условия. Тогда молодежь не будет уезжать навсегда, а те, кто уехал, смогут вернуться и реализовать свой потенциал во благо общества. Потому что настоящий прогресс начинается там, где энергия молодежи встречается с возможностью.
Участие и выступление Назаркуловой Г.А. продемонстрировало высокий уровень подготовки молодых специалистов Кыргызской Республики.
Жаштар жана лидерлик: КЭУнун үнү БУУда
2025-жылдын 25-сентябрында Ш.Б. Алманбетов атындагы “Колдонмо экономика жана башкаруу” кафедрасынын окутуучусу Гульзана Назаркулова Аманкуловна жаштардын кызыкчылыгына багытталган Бүткүл дүйнөлүк аракеттер программасынын 30 жылдыгына арналган БУУнун жыйынына катышты. Бул иш-чарага дүйнөнүн бардык бурчтарынан мамлекеттердин өкүлдөрү, эл аралык уюмдар жана жаштар чогулуп, жаштардын заманбап глобалдык процесстердеги ролу тууралуу талкуу жүргүзүштү.
Өз сөзүндө Гульзана Н.А. Бириккен Улуттар Уюму менен өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун колдоосу менен өлкөдө жаштарды өнүктүрүүгө багытталган масштабдуу демилгелер ишке ашырылып жатканын белгиледи. Ал бул аракеттер келечектеги Кыргызстанды курууга жана жаштардын өз потенциалын ийгиликтүү ишке ашыруусуна чоң салым кошорун айтты.
Гульзана Н.А. жаштардын пикири боюнча мамлекеттик жана эл аралык колдоо төмөнкү багыттарда өнүгүшү керектигин белгиледи: сапаттуу билим берүү, глобалдык көндүмдөр менен улуттук өзгөчөлүктөрдү айкалыштыруу; татыктуу эмгек жана ишкердик үчүн шарт түзүү; инновациялар жана дүйнөлүк атаандаштык үчүн негиз болгон санариптик инфраструктураны өнүктүрүү; чет өлкөдө билим алган жана иштеп жүргөн жаш адистерди кайра кайтаруу механизмдерин ишке ашыруу; жаштарды бардык деңгээлдеги чечим кабыл алуу процесстерине тартуу.
Ал белгилегендей, Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу жана мамлекеттердин биргелешкен аракеттери менен мындай шарттарды түзүүгө болот. Анда жаштар түбөлүккө кетпестен, тескерисинче, өз өлкөсүнө кайтып келип, коомдун өнүгүшүнө салым кошо алышат. Анткени чыныгы прогресс жаштардын энергиясы мүмкүнчүлүк менен жолуккан жерден башталат.
Гульзана Н.А.нын катышуусу жана сөз сүйлөөсү Кыргыз Республикасынын жаш адистеринин жогорку деңгээлдеги даярдыгын дагы бир ирет көрсөтүп берди.
latest_news

Молодёжь и лидерство: голос КЭУ в ООН
09:25 08.10.2025

Биздин студенттердин ийгиликтеринин натыйжасы
09:00 06.10.2025