banner

КЭУ ИИУнун ректору Гулназ Супаева: Биздин билим берүү чеберлери - келечекти калыптандыруучулар

Новости 14:40 03.10.2025

КЭУ ИИУнун ректору Гулназ Супаева: Биздин билим берүү чеберлери - келечекти калыптандыруучулар

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – билим берүү кызматкерлеринин күнү менен  куттуктайм!

Мугалим – коомдун тарбиячысы, илим-билимдин жарчысы жана ар бир жетишкендиктин башаты. Сиздердин талыкпаган эмгегиңиздер, билимге болгон берилип иштөөңүздөр биздин студенттердин, жалпы жаш муундун ийгилигине жол ачып келет.

Сиздерге чың ден соолук, чыгармачылык ийгилик, сабырдуулук жана зор кадыр-барк каалайм! Ар дайым окуткан ар бир сабагыңыз жаштардын жүрөгүндө из калтырып, билимге жана жаңы бийиктиктерге жол көрсөтө берсин!

Урматым менен,

КЭУ ИИУнун ректору Гулназ Супаева

Telegram