banner

Карылар күнүнө карата ректордун куттуктоосу

Новости 14:30 03.10.2025

Карылар күнүнө карата ректордун куттуктоосу

Урматтуу аксакалдар жана апалар!

Сиздерди чын жүрөктөн Эл аралык карылар күнү менен куттуктайм!
Бул күн – өмүр бою эл-журт үчүн жасаган эмгегиңиздерди эскерип, урмат-сый көрсөтүү күнү. Сиздердин акыл-насаатыңыздар, тажрыйбаңыздар жана тарбияңыздар жаш муун үчүн чыныгы баалуулук болуп саналат.

Карыя – үйдүн куту, элдин таянычы. Ар бирибиз сиздердин мээримиңиздерге, кеңешиңиздерге таянып чоңойдук. Сиздерге бекем ден-соолук, узак өмүр, тынч жана бакубат жашоо каалайм!

Урматым менен 

КЭУ ИИУнун ректору Гулназ Супаева

Telegram