
Новости 16:05 01.10.2025
Студенты Кыргызстана получат новые возможности благодаря сотрудничеству с «Алабуга Старт»
25–27 сентября проректор по учебно-методической работе Турсуналиева Д.М. и старший преподаватель кафедры «Товароведение, маркетинг и ресторанный бизнес» Донченко О.А. посетили особую экономическую зону «Алабуга» (г. Елабуга, Республика Татарстан).
В составе делегации из Кыргызстана (КНУ, НГУ, НИУ КЭУ и др.) участники ознакомились с инфраструктурой ОЭЗ, условиями проживания и труда участниц программы «Алабуга Старт».
По итогам визита стороны подписали меморандум о развитии сотрудничества, в рамках которого достигнуты договорённости о взаимной организационной, консультационной и информационно-аналитической поддержке студентов.
Особое впечатление произвела мощная материально-техническая база, профессионализм сотрудников, а также перспективные возможности для подготовки молодых специалистов. «Алабуга» успешно реализует стратегию развития, и именно это открывает широкие горизонты для партнёрства.
Визит стал важным шагом к созданию эффективного взаимодействия, направленного на развитие и повышение квалификации специалистов в регионе. Проект «Алабуга Старт» предоставляет студентам из Кыргызстана возможность получить профессиональные навыки, в том числе непосредственно на производстве.
«Алабуга Старт» менен кызматташтыктын аркасында Кыргызстандык студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр
2025-жылдын 25–27-сентябрында окуу-усулдук иштер боюнча проректор Турсуналиева Д.М. жана «Товар таануу, маркетинг жана ресторан бизнеси» кафедрасынын улук окутуучусу Донченко О.А. Татарстан Республикасынын Елабуга шаарындагы «Алабуга» өзгөчө экономикалык зонасына барышты.
Кыргызстандык делегациянын курамында (КНУ, НГУ, НИУ КЭУ ж.б.) өкүлдөр инфраструктура менен жакындан таанышып, «Алабуга Старт» программасынын катышуучулары үчүн түзүлгөн жашоо жана эмгектенүү шарттарын көрүп чыгышты.
Жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюшуп, студенттерди уюштуруучулук, консультациялык жана маалымат-аналитикалык жактан колдоо милдеттемесин алышты.
«Алабуганын» кубаттуу материалдык-техникалык базасы, кесипкөйлөрдүн билими жана жаш адистер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр өзгөчө таасир калтырды. Стратегиялык өнүгүү ийгиликтүү жүзөгө ашып жаткандыктан, бул багытта кызматташтыктын чоң келечеги бар экени белгиленди.
Бул иш сапар адистерди даярдоодо жана алардын квалификациясын жогорулатууда натыйжалуу өнөктөштүктү түзүүгө маанилүү кадам болду. «Алабуга Старт» долбоору Кыргызстандан келген студенттерге кесиптик көндүмдөрдү, анын ичинде өндүрүштө практикалык тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк берет.
latest_news

Молодёжь и лидерство: голос КЭУ в ООН
09:25 08.10.2025

Биздин студенттердин ийгиликтеринин натыйжасы
09:00 06.10.2025