banner

Академиялык чынчылдык жана коррупцияга каршы күрөшүү

Новости 13:00 27.01.2025

Академиялык чынчылдык жана коррупцияга каршы күрөшүү

22-25-январь күндөрү М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык илимий-изилдөө университетинде (КЭУ ИИУ) ректор Алмаз Токтобекович Кадыралиевдин студенттер жана окутуучулар менен жолугушуусу болуп өттү.
Иш-чаранын негизги темасы «Академиялык чынчылдык» деп аталган жана билим берүү чөйрөсүндө коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түшүндүрмө иштери жүргүзүлдү.
Бул жолугушуу билим берүү системасында адилеттүүлүктү, ачык-айкындуулукту жана мыйзамдуулукту бекемдөөгө багытталган.
Жолугушуу учурунда жаңы мамлекеттик мыйзамдын кабыл алынганы менен билим берүү мекемелеринде академиялык тазалыкты камсыздоо жана коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча иштелип чыккан негиздер талкууланды.
Документте коррупция беренеси менен соттолгон жарандардын мамлекеттик кызматтарда иштешине өмүр бою тыюу салуу каралган. Ошондой эле андай адамдардын жакындары, жакын туугандары дагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштей албай турганы белгиленген.Бул берене менен кармалгандарга жаза катары айып пул салуу жагы алынып салынды. Күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген чыгымды төлөп бергенден кийин дагы берилген жаза мөөнөтүнүн теңин өтөп бүтмөйүнчө абактан бошотулбасы жазылган.
Аталган коррупцияга каршы күрөшүү мыйзамына ылайык, окуу жайда жыл сайын студенттер арасында анонимдүү сурамжылоолор өткөрүлүп, алардын жыйынтыгы билим берүү процессиндеги адилеттүүлүк жана ишенимди күчөтүүдө колдонулуп келет.Ошондой эле, ректор коррупцияга каршы күрөшүү жана академиялык чынчылдыкты камсыздоо максатында иштеп жаткан атайын комиссиялардын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.
Бул комиссиялар билим берүү чөйрөсүндө мыйзам бузууларды болтурбоо, студенттер менен окутуучулардын укуктарын коргоо жана академиялык стандарттарды сактоо боюнча үзгүлтүксүз иш алып барып келишет. Мугалимдер үчүн да атайын түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлүп, аларга билим берүү процессинде этикалык стандарттарды сактоонун жана адилеттүүлүктү камсыздоонун маанилүүлүгү баса белгиленди.
Окутуучуларга жогорку адеп-ахлактык принциптерди карманып, студенттер үчүн үлгү болуу зарылдыгы тууралуу кеңири түшүндүрмөлөр берилди.Жолугушуу учурунда студенттер жана окутуучулар өз суроолорун берип, билим берүү чөйрөсүндө адилеттүүлүктү жана ачык-айкындуулукту чыңдоо боюнча ойлорун айтып, жетекчилик менен ачык диалог жүргүзүштү. Жыйынтыгында, университет жетекчилиги коррупцияга каршы күрөшүү жана академиялык чынчылдыкты бекемдөө боюнча түшүндүрүү иштерин мындан ары да үзгүлтүксүз улантууну пландап жатканын маалымдады.
Бул жолугушуу КЭУнун адилеттүү, ачык жана таза билим берүү чөйрөсүн түзүү боюнча системдүү аракеттеринин маанилүү бөлүгү болуп эсептелет.