banner

КЭУ жана Бакай Банк: Билим жана карьера жолунда жаңы бийиктиктерге жетүү!

Новости 10:25 21.01.2025

КЭУ жана Бакай Банк: Билим жана карьера жолунда жаңы бийиктиктерге жетүү!

2025-жылдын 20-январь күнү Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык илимий-изилдөө университети (КЭУ ИИУ) менен БАКАЙ БАНК ортосунда кызматташтык меморандумга кол коюлду. Келишимдин негизги максаты — студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу, квалификациясын арттыруу, ошондой эле иш менен камсыз болууга жардам берүү.
  Бул меморандум өлкөнүн билим берүү, илим, спорт жана банк секторлорунда кадрларды даярдоону колдоп, биргелешкен изилдөөлөр жана практикаларды уюштурууну карайт. Келишимдин алкагында, КЭУ менен БАКАЙ БАНК өлкөнүн кадрдык жана экономикалык потенциалын өркүндөтүү үчүн биргелешкен аракеттерди жүргүзүшөт. Кошумчалай кетсек, бул кызматташтык студенттер үчүн жумушка орношуу жана иш тажрыйбасын алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.
КЭУ ИИУнун ректору Кадыралиев Алмаз Токтобекович: «Биздин максат — келечектеги экономика жана банк тармагында иштөөчү жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо. Мындай биргелешкен иш-аракеттер өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң салым кошоруна ишенебиз», — деп белгиледи.
Бул меморандум өлкөнүн экономикалык жана билим берүү тармактарын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болуп эсептелет.