banner

КЭУ ИИУ: окутуучулар чексиз билим дүйнөсүн ачууда – жасалма интеллект, психология жана интерактивдүү окутуу ыкмалары

Новости 10:00 20.01.2025

КЭУ ИИУ: окутуучулар чексиз билим дүйнөсүн ачууда – жасалма интеллект, психология жана интерактивдүү окутуу ыкмалары

        2025-жылдын 8-январынан 20-январына чейин М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университетинде окутуучулардын кесиптик компетенцияларын өркүндөтүүгө багытталган квалификацияны жогорулатуу программасы өткөрүлдү. Программа психология, жасалма интеллект жана интерактивдүү окутуу ыкмалары сыяктуу заманбап негизги багыттарды камтыды. Тренерлер катышуучуларды заманбап технологиялар, билим берүү процессинде жасалма интеллектти колдонуу мүмкүнчүлүктөрү жана окутуунун сапатын жакшыртууга багытталган интерактивдүү методдор менен тааныштырышты.
  «Интерактивдүү окутуу ыкмалары жана окуу процессин башкаруу» аттуу тренингди педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Токтаналиева Клара Карпековна өткөрдү. Ал окутуучуларга окуу процессин уюштуруунун заманбап ыкмаларын сунуштап, жаңы окутуу ыкмаларын, оюн технологияларын жана кейс-методикаларын студенттердин кызыгуусун арттыруу үчүн колдонуу жолдорун үйрөттү.
   «Билим берүү тармагындагы жасалма интеллект – технологияларды окуу процессине интеграциялоо» аттуу практикалык семинарды Айдралиева Айзаада жана Эсенаманова Аида өткөрүштү. Семинар учурунда катышуучулар интерактивдүү окуу материалдарын түзүү, жаңы технологияларды колдонуу, сыяктуу көндүмдөрдү үйрөнүп, сынчыл ой жүгүртүү жана татаал маселелерди чечүү жөндөмдөрүн өркүндөтүштү.
    «Педагогика жана психология» боюнча тренингди билим берүү системасында чоң тажрыйбага ээ психолог Кириллина Ирина Викторовна алып барды. Ал эмоционалдык интеллектти өнүктүрүү, студенттердин мотивациясын арттыруу жана стрессти башкаруу темаларына көңүл бурду.
   Тренингде окутуучулар студенттер менен эффективдүү баарлашуу үчүн жаңы инструменттерди үйрөнүп, инновациялык технологияларды практикага киргизүү жолдорун өздөштүрүштү. Ошондой эле окутуудагы индивидуалдык мамиленин маанилүүлүгү жана натыйжалуу коммуникация жөнүндө сөз болду. Бул тренинг пайдалуу гана эмес, кызыктуу да болду.
    Ошондой эле, «Санариптик экономика жана программалоо» кафедрасынын окутуучулары Айбек кызы Нурия, Чертикеева Б. жана Элебесова Г.Ч. «Жасалма интеллектти билим берүү процессине интеграциялоо» деген темада практикалык семинар өткөрүштү. Алар жасалма интеллектти колдонуу менен визуалдык контент түзүү, тексттер, котормолор, маалыматтарды талдоо жана тескери байланыш үчүн куралдар, интерактивдүү окутуу жана практикалык сабактарды өткөрүү боюнча мисалдарды көрсөтүштү.
   Бардык катышуучулар тренерлердин профессионалдуулугун жана алган билимдердин жогорку практикалык маанилүүлүгүн белгилешти. Программаны ийгиликтүү аяктаган окутуучулар квалификациясын тастыктаган сертификаттарга ээ болушту. Бул тренинг программалары билим берүү процессин модернизациялоодо маанилүү этап болуп калды.
   М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университети окутуучулар курамынын кесиптик өнүгүүсү жана заманбап билим берүү борборунун статусун бекемдөө иштерин уланта бермекчи.