banner

КЭУнун студенттери Эл аралык студенттердин илимий-практикалык конференциясында байгелүү орундарга ээ болушту

Новости 13:25 25.11.2024

КЭУнун студенттери Эл аралык студенттердин илимий-практикалык конференциясында байгелүү орундарга ээ болушту

2024-жылдын 21-ноябрында “Муса Рыскулбеков атындагы КЭУ” ИИУнун УМ-1;2-21 группанын  студенттери  К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Кыргыз-Кытай факультетинде өз докладдарын жана презентацияларын ийгиликтүү жакташты. Кытай Эл Республикасынын (КЭР) түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгына арналган IV Эл аралык студенттердин илимий-практикалык конференциясында:

«БОРБОР АЗИЯ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН ЖАНА КЫТАЙДЫН КЫЗМАТТАШТЫГЫ ЖАШТАРДЫН КӨЗҮ МЕНЕН»

Алар бардык ардактуу байгелүү орундарды ээлеп, Сертификаттарды, эстелик белектерди жана акчалай сыйлыктарды алышты.

Булар Турдаева Арууке, Карымшакова Даяна, Казакова Айсезим жана Бейшенбекова Эркингүл. Биз аларды бул татыктуу жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!   Ура! Ура! Ура!

Конференциянын катышуучуларына Борбордук Азия өлкөлөрү менен КЭР ортосундагы кызматташтык чөйрөсүндө билимди мобилизациялоо, Кытайдын тарыхын, экономикасын, саясатын, тилин, философиясын жана маданиятын изилдөөдөгү жаңы темаларды илгерилетүү үчүн уникалдуу платформа сунушталды. Борбордук Азиядагы жана Кытайдагы университеттердин ортосундагы илимий жана коомдук байланыштарды кеңейтүү катары.

Конференциянын алкагында төрт секциялык отурум өткөрүлдү:

  1. Борбордук Азия мамлекеттери жана Кытай Эл Республикасы: кытай тилин изилдөөнүн актуалдуу проблемалары.
  2. Борбордук Азия мамлекеттеринин КЭР менен кызматташуу контекстиндеги ролу жана орду: абалы, болжолдору жана келечеги.
  3. Жаңы реалдуулукта Борбордук Азия өлкөлөрү менен КЭР ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин абалы жана келечеги.
  4. Цивилизациялардын кесилишиндеги Борбордук Азия жана Кытайдын өлкөлөрүнүн маданияты жана философиясы.

 

Конференциянын катышуучулары жогорку окуу жайлардын, колледждердин студенттери, магистранттары, ошондой эле кытай тилин үйрөнүүгө кызыккан студенттер болушту.

 КЭУнун студенттери  Эл аралык студенттердин илимий-практикалык конференциясында байгелүү орундарга ээ болушту