banner

КЭУ ИИУда "Дүйнөлүк сапат жумалыгы "

Новости 10:10 25.11.2024

КЭУ ИИУда "Дүйнөлүк сапат жумалыгы "

   2024-жылдын 11-ноябрынан 15-ноябрына чейин “Муса Рыскулбеков атындагы КЭУ” ИИУда Бүткүл дүйнөлүк сапат күнүнө карата, экономика илимдеринин доктору, профессор Т. К. Камчыбеков агайыбыздын 75 жаш курагына жана РСФСРдин составындагы Кара-Кыргыз автономиялуу областынын 100 жылдыгына арналган Сапат жумалыгы өткөрүлдү. Сапат жумалыгы-2024 “Сапат:  шайкештиктен өндүрүмдүүлүккө” деген ураан астында “Товар таануу, бажы экспертизасы жана ресторан бизнеси” менен “Коммерция жана маркетинг” кафедралары тарабынан уюштурулган.

    Сапат жумалыгынын ачылышында техника илимдеринин доктору, профессор Алымбеков К. А. студенттерге жумалыктын негизги максаты жөнүндө түшүндүрмө берип, бардык аспектилердеги сапат маселелерине көңүл буруунун зарылчылыгына токтолду.  Ал өз сөзундө өнүмдөр менен кызматтардан баштап, коомдун экономикалык, социалдык жана экологиялык бакубаттуулугуна чейин таасир этүүчү процесстерге талдоо жүргүздү.

Бул масштабдуу иш-чара бизнес түзүмдөрүнүн өнөктөштөрүн, эксперттерди, коомдук уюмдарды жана жашоонун сапатын жакшыртууга жана туруктуу өнүгүүгө салым кошууну көздөгөн студенттерди чогултту.

11-ноябрда студенттер жана мугалимдер Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборуна барышты. Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер уюмдун тарыхы, негизги ишмердүүлүгү менен таанышып, ошондой эле аккредиттелген сыноо лабораторияларынын заманбап жабдууларын өз көздөрү менен көрүштү.

Консерваларды чыгарган ата мекендик өндүрүүчү кандай иштейт?   Бул суроого студенттер 12-ноябрь күнү жашылча-жемиш консерваларын чыгарган ата мекендик алдыңкы ишканалардын бири – «Сонун продимпекс» ЖЧКсына барып, толук жооп алышты.

Иш-чаранын алкагында Россиянын Бажы академиясынын “Товар таануу жана бажылык экспертиза” кафедрасынын профессору, техника илимдеринин доктору Валентина Ивановна Криштафовичдин «Техника боюнча заманбап ченемдик документтердин терминологиялык көйгөйлөрү тамак-аш азыктарынын коопсуздугу” аталышындагы конок катарындагы лекциясы болуп өттү.

Ошол эле күнү К. И. Скрябин атындагы КУАУда өткөн Тегерек столдо профессор  К. А. Алымбеков   «Биологиялык коопсуздук боюнча Картахен протоколуна ылайык ГМОнун тобокелдигин баалоо» аталышындагы доклады менен чыгып сүйлөдү .

13-ноябрда студенттер УрГЭУ (Россия Федерациясы, Екатеринбург ш.) “Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын башкаруу жана экспертиза” кафедрасынын студенттик Тегерек столуна онлайн режиминде катышты.

14-ноябрда И. Раззаков атындагы КМТУда “Тамак-аш азыктарынын жана негизги тамактануунун сапатын жогорулатуу, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу” стратегиялык сессиясында “Тейлөө чөйрөсүндөгү экономика системасынын кадрлары: көйгөйлөр, жакшыртуу жолдору” деген темада профессор Алымбеков К. А. катышып баяндама жасады.

Сапат жумалыгы ЖОЖдор аралык илимий-практикалык Тегерек стол менен аяктады. Анда профессор Алымбеков К. А. «Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана коопсуздугун камсыз кылууда товар боюнча эксперттердин жана рестораторлордун ролу», «Сонун» ЖЧКсынын башкы директору Майлиев Ш. Д., Нурматов Б. А., Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигинин Стандартташтыруу жана метрология борборунун директору «Кыргызстандарттын продукциясынын жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапаты үчүн ишмердүүлүгү күрөштө», Калбаев Абылгазы «Баткен фрукты - Нукура» ишканасынын башкы директору ” “Кыргызстандын мөмө-жемиш азыктарын Евробиримдиктин өлкөлөрүндө бренддөө”, Профессор Джурупова Б.К. «Тамак-аш азыктарынын сапаты: заманбап реалдуулуктагы талаптар», доцент Байгуттиев С. С. «Продукциянын сапатын камсыз кылуу боюнча маркетингдик изилдөөлөр», Эл аралык эксперт Козлова Л. П. «Кыргыз Республикасынын экспортко багытталган мөмө-жемиш азыктарынын сапаты» аталышындагы баяндамаларды жасашты. Ошондой эле, сапат жумалыгынын алкагында студенттер арасында студенттердин эмгектеринин (эсселер, баяндамалар, макалалар, продукциянын үлгүлөрү, товардын сапатына оюн баалоо) сынагы уюштурулуп, анда мыкты эмгектер белгиленди. «Э. К. Өмүралиев атындагы соода саясаты борбору» КФнын төрагасы Т.Э. Өмүралиев  мыкты студенттерди илимий изилдөө конкурстары үчүн грамоталар жана акчалай сыйлыктар менен сыйлады.

Кафедранын докторанты, техника илимдеринин кандидаты, доцент Сатыбалдиева А. М. жана аспирант Шаршембиева А. М. топоздун этинен жарым фабрикаттарды жана ундан жасалган кулинардык азыктарды дегустация кылып өткөрдү.