Новости 14:50 21.11.2024
КЭУ ИИУда “Жети дубан акындарынын жана студенттердин поэзия” кечеси болуп өттү
2024-жылдын 20-ноябрында М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасы тарабынан Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жарыялаган 3 айлыгынын негизинде мамлекеттик тил күнүнө 35 жыл толгондугуна байланыштуу “Жети дубан акындарынын жана студенттердин поэзия” кечеси өткөрүлдү.
Поэзия кечесинин максаты: Мамлекетибизди, тилибизди, дилибизди сактоо, таланттуу студенттерге дем берүү, алардын тушоосун кесүү максатында белгилүү акындардын кеңешин аздектөө.
Поэзия кечесинин ачылышын ИИУ КЭУнун Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасынын башчысы, п.и.к. Жапаралиева Назира Жакыповна ачып, куттуктоо сөзүн Окуу-усулдук иштер боюнча проректор Турсуналиева Динара Мухтаровнага берди.
Иш-чарага келип катышкандар: КР Жазуучулар союзунун мүчөсү, “Поэзия ордосу” көркөм адабий коомдук бирикмесинин жетекчиси Ниязова Клара, “Поэзия ордосунун” сынчысы Давлетова Гулнара, “Поэзия ордосунун” мүчөсүлөрү: Афтандил Арсыбаев, Бектурова Чынаркан, Бейшенова Эркингүл, Алибаев Адилеттер келишти жана таланттуу студенттерге дем берип, акындык жөндөмү бар студенттерди “Поэзия ордосуна” келүүгө чакырышты. Негизинен Какен Алмазбеков акындын ырлары менен тааныштырышып, анын бейнесине карата тартылган жандуу тасманы тартуулашты. Ошону менен бирге авторлор 20га жакын адабий китептерин окуу жайга белек кылышты.
Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасы тарабынан студенттер арасында жарыяланган “Акындар конкурсунда” жеңүүчүлөрдүн ырларын угуп, акындар өздөрүнүн сунуштарын айтышты. Ал жеңүүчүлөр: Ж.Баласагын атындагы КУУнун филология факультетинин студенти, жаш калемгер Асылбеков Бектемир, К.Карасаев ат БМУнун студенти, жаш калемгер Рысбекова Рабига, И.Арабаев атындагы КМУнун студенти, Исакунова Адинай, М.Рыскулбеков атындагы ИИУ КЭУнун студенттери, “Поэзия ордосунун” мүчөсү Ысаков Шергазы автордук ырларын жана Догдурбаева Мыскалдар Какен Алмазбековдун калемине таандык ырларды көркөм окуп беришти.
Ал эми иш-чаранын көркүн ачып, шаңга бөлөгөндөр: Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенттери: Жаш ырчы, комузчулар Сариева Толгонай, Рыскелдиева Элизалар Какен Алмазбековдун калемине таандык ырларды колго комуз ойнотуп, ырдап беришти.
Жыйынтыгында келген конокторго ИИУ КЭУнун ректорунун атынан ыраазычылык каттар тапшырылып, ийгиликтүү аяктады.
latest_news
Студенты НИУ КЭУ приняли участие в лекции МКК «Байлык Финанс»...
10:55 22.11.2024
КЭУ ИИУнун студенттери “Байлык Финанс” МККнын лекциясына катышты ...
10:35 22.11.2024
Преподаватели НИУ КЭУ приняли участие в круглом столе МФ КР...
10:00 22.11.2024