banner

КЭУ ИИУнун ректору Борбор Азия университеттеринин ректорлорунун форумуна катышты

Новости 12:00 21.11.2024

КЭУ ИИУнун ректору Борбор Азия университеттеринин ректорлорунун форумуна катышты

       “М.Рыскулбеков атындагы КЭУ” ИИУнун ректору Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган “Борбор Азиядагы университеттердин глобалдык чакырыктардын контексиндеги трансформациясы» аттуу Борбор Азия университеттеринин ректорлорунун эл аралык форумуна катышты.

2024-жылдын 20-ноябрында "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Борбор Азиядагы жогорку окуу жайлардын ректорлорунун эл аралык форуму болуп өттү.

Аталган форумга  “М.Рыскулбеков атындагы КЭУ” ИИУнун ректору, экономика илимдеринин доктору, доцент Кадыралиев Алмаз Токтобекович катышты.

   Форумда Борбор Азия университеттеринин өз ара аракеттенүүсүнүн жана өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери талкууланып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Ага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын мамлекеттик кызматкерлери, ректорлору, алдыңкы илимпоздору жана эксперттери келип катышышты.

Форум Борбор Азиянын жогорку билим берүү мейкиндигин өнүктүрүү саясатын координациялоо үчүн билим берүүнү интеграциялоого, жождор ортосунда тажрыйба алмашууга, мобилдүүлүктү күчөтүүгө, алакаларды жакшыртууга багытталган.