banner

Enactus KEU командасы ЮНИСЕФтин 1000 доллар грант жеңип алды

Новости 10:25 16.11.2024

Enactus KEU командасы ЮНИСЕФтин 1000 доллар грант жеңип алды

 

      Enactus НИУ КЭУ командасы улуттук деңгээлде таанылууну улантууда. Enactus Кыргызстан жана ЮНИСЕФ тарабынан жаштарды айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык көйгөйлөргө чечим табуу процессине тартуу максатында уюштурулган биргелешкен программада команда «Эколибрис» аттуу инновациялык долбоорун сунуштап, 1000 долларлык грантка ээ болду. Экохакатонго өлкө боюнча 17 команда катышкан. Академиялык эдвайзер Нурматова Айгүлдүн жетекчилиги алдында команда жогорку даярдыгын көрсөтүп, жеңүүчүлөрдүн бири болду.

   Алынган 1000 долларлык грант командага өндүрүштү кеңейтүүгө, технологияларды жакшыртууга жана долбоорго көбүрөөк катышуучуларды тартууга мүмкүнчүлүк берет. Андан сырткары, команда жаштар арасында экологиялык маалымдуулукту жогорулатуу жана туруктуу чечимдерди жайылтуу максатында маалыматтык кампанияларды өткөрүүнү пландоодо.

«Эколибрис» долбоору айлана-чөйрөнүн булгануусун азайтуу жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга (МЧА) мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча эки маанилүү маселени чечүүгө багытталган уникалдуу демилге. Долбоордун алкагында катышуучулар буудай кебегинен жасалган, толугу менен чирип жок болуп кетүүчү экологиялык таза, жегенге жарактуу идиш-аяктарды чыгарышат, бул экосистемаларга зыян келтирбейт.

«Биз Enactus командабыз менен сыймыктанабыз. Алардын эмгеги жана чыгармачылыгы башка студенттерди жана жаштарды социалдык жана экологиялык маселелерди чечүүгө активдүү катышууга шыктандырат», – деп белгиледи университеттин ректору Алмаз Кадыралиев.

Enactus НИУ КЭУ командасынын жеңиши университеттин дагы бир ийгилиги гана болбостон, туруктуу жана экологиялык жактан жоопкерчиликтүү келечекке карай маанилүү кадам болуп саналат.