Новости 16:10 16.12.2022
ИИУ КЭУ Президенттик стипендия ээлерин куттуктайбыз!
Бүгүн, 16- декабрда 2021-2022-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча Президенттик стипендияны ыйгаруу аземи болуп өттү. Быйыл өлкөнүн бардык университеттеринен 70 студент президенттик стипендиат болушту. М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин студенттери Мамбетова Айдай(БИ-1-20), Толкунбеков Кутман(ФК-1-19) учурдун мыкты студенттеринин катарын толукташты.
Мыкты студенттерге президенттик стипендияларды тапшырууда президент Садыр Жапаров:
«Өлкө жетекчилиги мамлекетти өнүктүрүүгө салым кошом деген жигердүү, демилгелүү, аракетчил, мекенчил жаштарды ар дайым колдойт. Биз адам ресурстарына инвестиция кылуу ийгилигибиздин ачкычы экенин жакшы билебиз», — деп билдирди.
Президенттик стипендиат болгон студенттерибизди куттуктап, ийгиликтерди каалайбыз!
latest_news
1-2 курс арасындагы салттуу күзгү жеңил атлетикалык кросс...
20:10 09.10.2026
5 октября — День работников образования Кыргызской Республики...
10:10 05.10.2026