banner

"ЖОЖдордогу мамлекеттик тил маселелери" аттуу форум болуп өттү

Новости 17:00 24.10.2024

"ЖОЖдордогу мамлекеттик тил маселелери" аттуу форум болуп өттү

 

    2024-жылдын 24-октябрында  И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде “ЖОЖдордогу мамлекеттик тил маселелери” аттуу форум КР Билим берүү жана илим министри Д.Ш.Кендирбаева, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М.К.Мураталиев, КР ректорлор ассоциациясынын төрагасы А.И.Мусаев, Кыргыз тест мекемесининин жетекчиси Б.Б.Топоева-Ставинскаянын жана ЖОЖдордун ректорлору, кафедра башчыларынын катышуусунда болуп өттү.

Форумда:

  • жогорку окуу жайлардагы адистик дисциплиналардын мамлекеттик тилде окутулушу;
  • бардык дисциплиналар боюнча окуу куралдарын, усулдарын чыгаруу;
  • ЖОЖдордогу окутуу тилдери боюнча көйгөйлөр;
  • башка тилдерден которуу иштерин жүргүзүү;
  • бүтүрүүчү курстар үчүн кесипке багытталган иш кагаздарын окутуу курсун киргизүү;
  • автордук колдонмолору бар тажрыйбалуу окутуучулардын усулдарын ЖОЖдор арасында жайылтуу;
  • окутуучулардын, мугалимдердин дасыгын жогорулатууну уюштуруу жана ишке ашыруу;
  • кыргыз тилин эне тил, экинчи тил жана чет тили катары окутуу маселелери талкууга алынды.

          Бул форумга М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин Окуу иштери боюнча проректору, э.и.к., доцент  Д.М.Турсуналиева, Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Н.Ж.Жапаралиева, Финансы жана финансылык технологиялар кафедрасынын доценти, э.и.к., С.С.Байгуттиев, окуу бөлүмүнүн адиси Б.А.Каримовалар барып катышып келишти.

     Кафедра башчысы Н.Ж.Жапаралиева ИИУ КЭУдагы жетишкендиктерди, ИИУ КЭУнун админстративдик кызматкерлерин Кыргыз тесттин талабына ылайык деңгээлдер аркылуу курстан өткөрүп, сертификатка ээ болушу тууралуу, адистик дисциплина боюнча мамлекеттик тилде жарык көргөн окуу куралдарын, анын ичинде министрликтин колдоосу менен чыккан окуу китептерин санап өтүү менен бирге, окуу жайда факультатив катары “Иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү” аттуу курс өтүлөөрүн, көйгөйлүү маселелерди, сунуштарды айтып, КР Билим берүү жана илим министрлигине жана улуттук тил комиссиясына сунушун жолдоп, олуттуу маселе козгоду.

          Ал эми, Финансы жана финансылык технологиялар кафедрасынын доценти, э.и.к., С.С.Байгуттиев “Маркетингдик изилдөөлөрдүн түрлөрү аттуу” сабактын презентациясын сунуштап, адистик дисциплиналарды мамлекеттик тилде кандай бериши керектигин түшүндүрдү.

          Окуу бөлүмүнүн адиси Б.А.Каримова окуу-усулдук басылмалардын тизмесин, “Мамлекеттик тил жана иштиктүү кыргыз тили” курсунан сертификат алган КЭУнун окутуучулук курамынын тизмесин презентация аркылуу көрсөтүп, өзүнүн маанилүү сунуштарын айтты.

Бул иш-чара мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн маанилүү кадамдарынын бири болуп саналат.

Мамлекеттик тилди көздүн карегиндей сактоо ар бир кыргыз жаранынын милдети!