banner

КЭУ ИИУда «Статистиканы уйрөнүү» деген темада конок лекциясы өттү

Новости 17:05 18.10.2024

КЭУ ИИУда «Статистиканы уйрөнүү» деген темада конок лекциясы өттү

2024-жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин демилгеси менен М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинде “Статистиканы үйрөнүү” темасында конок лекциясы болуп өттү. Уюштуруучулар Экономикалык-математикалык методдор жана статистика кафедрасынын окутуучулар жамааты болушту.

Иш-чарага экономика факультетинин 100дөн ашык студенттери жана мугалимдери катышты. Лекцияны Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинен Турдубаева Чынара Сейтказиевна жана Сейдахматова Салия Зоодонбековна окушту. Баяндамачылар чечимдерди кабыл алууда статистиканын ролу, маалыматтарды чогултуу жана талдоо ыкмалары, ошондой эле маалыматтар менен иштөөнүн заманбап куралдары жөнүндө кеңири айтып беришти. Маркетинг изилдөөлөрүндө статистиканы колдонууга өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чаранын аягында лекторлордун суроолоруна активдүү жооп берип, талкууга катышкан бардык катышуучулар баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Бул жагымдуу сюрприз болду жана катышуучуларды статистиканы андан ары изилдөөгө шыктандырды. 
Лекциянын катышуучулары: «Лекция абдан кызыктуу жана пайдалуу болду. Эми мен статистика менин келечектеги ишиме кандай жардам бере аларын түшүндүм» - деген пикирин айтышты.  Окуу-методикалык иштер боюнча проректор, э.и.к., доцент Турсуналиева Д.М. лекторлорго жана уюштуруучуларга мындай маанилүү иш-чараны уюштурганы үчүн алкыш айтып, лекторлорду “ыраазычылык кат” менен сыйлады.