Новости 14:40 16.10.2024
Жеңил атлетика боюнча кросско катышкан КЭУ ИИУнун кызматкерлери жана студенттери сыйланышты
11-октябрда «Жаштар» сейил багында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана экономика илимдеринин доктору, профессор Камчыбеков Төлөбек Кадыралиевичтин 75 жылдыгына карата жеңил атлетика боюнча кросс болуп өттү. 1-2-курстун студенттеринин катышуусунда. 1-курстун студенттеринин саны 684 адам, 2-курстун студенттери 346 адам, жалпысынан 1030 адам.
Иш-чарага студенттерден тышкары университеттин профессордук-окутуучулук курамынын кызматкерлери катышты. Мелдештер жакшы уюштурулуп, ректораттын өкүлдөрү катышкан. Кыздар жана кызматкерлер үчүн жарыш 500 метрди түздү. Кросстун жыйынтыгы боюнча эң мыктылар: 1-курс
Абдыкалыкова Айпери Т-1-24 1-орун
Кубанычбекова Айжамал МЭО-1-24 2-орун
Калыбекова Улара МЭО-1-24 3-орун
2-курс
Жумагулова Атынай ФК-1-23 1-орун
Кайратова Бегимай Т-1-23 2-орун
Бозжигитова Мээрим ФК-1-23 3-орун
Балдар: 1-курс
Назарматов Айдар ФК-1-24 1-орун
Рысбек уулу Абас ЮР-1-24 2-орун
Ниязбеков Жакшылык ФК-2-24 3-орун
2-курс
Асанканов Даниел НН-1-23 1-орун
Кожогулов Ороз БУ-2-23 2-орун
Иманбеков Айманбет НН-1-23 3-орун
Кызматкерлер:
1-орун Жамгырчиев Эмил – "Бизнес, башкаруу жана Укук" кафедрасы
2-орун Амантай Токторов – окуудан тышкаркы иштер боюнча проректор
3-орун Алексей Шевченко – "Бизнес, башкаруу жана Укук" кафедрасы
16-октябрда башкы корпустун спорт аянтчасында ректордун катышуусунда кросстун жеңүүчүлөрүнө жана медал ээлерине медалдарды жана тиешелүү даражадагы дипломдорду тапшыруу менен салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү.
latest_news
Студенты НИУ КЭУ приняли участие в лекции МКК «Байлык Финанс»...
10:55 22.11.2024
КЭУ ИИУнун студенттери “Байлык Финанс” МККнын лекциясына катышты ...
10:35 22.11.2024
Преподаватели НИУ КЭУ приняли участие в круглом столе МФ КР...
10:00 22.11.2024