Новости 12:25 01.10.2024
Мейман дарсы лекциясы окулду
М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинде «Экономика жана эл аралык экономикалык байланыштар» кафедрасы жана окуу-методикалык бѳлүм тарабынан уюштурулган Урал мамлекеттик экономикалык университетинин илимий иштер боюнча проректору, экономика илимдеринин доктору Виктор Евгеньевич Ковалевдун мейман дарсына
Пресс-релиз
2024-жылдын 27-сентябрында саат 10-00 до «М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинде «Экономика жана эл аралык экономикалык байланыштар» кафедрасы жана окуу-методикалык бѳлүм тарабынан уюштурулган Урал мамлекеттик экономикалык университетинин илимий иштер боюнча проректору, экономика илимдеринин доктору Виктор Евгеньевич Ковалев менен жолугушуу өткөрүлдү. Бул иш-чаранын алкагында «Экономика» багыты боюнча «Финансы жана кредит», «Тышкы экономикалык ишмердүүлүк» жана «Эл аралык экономикалык байланыштар» профилдериндеги тайпалардын студенттеринин кеңири чөйрөсүнө жана магистранттарга «Эл аралык экономикалык байланыштар системасында бажылык жөнгө салуунун ролу» темасында мейман дарсы окулду.
Виктор Ковалев өз лекциясында эл аралык сооданын классикалык жана заманбап теориялары, сооданын жеке экономикага жана бүтүндөй дүйнөгө тийгизген таасирин баалоо ыкмалары, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн дүйнөлүк соодасынын динамикасы, Дүйнөлүк соода уюмунун принциптери, соода саясатындагы иш-чаралар жана соода саясатынын негизги багыттары жөнүндө айтып берди. Ошондой эле эл аралык капитал рыногунун иштөө принциптери, эл аралык төлөмдөрдү жана валюталык операцияларды жүргүзүү тартиби, инвестициялык агымдардын эл аралык кыймылынын өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири сѳз кылды. В.Е.Ковалев эл аралык миграциянын жана эл аралык илимий-техникалык алмашуунун бир катар маселелерин белгиледи.
Угармандарга конкреттүү мисалдарды колдонуу менен эмгектин эл аралык кыймылын талдоо боюнча негизги ыкмалар, ошондой эле миграциялык саясаттын негизги багыттары, ЕАЭБ уюмунун, структурасынын, органдарынын максаттары, биримдиктин мүчөлөрүнүн ортосундагы көйгөйлөр жана конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу механизмдери көрсөтүлдү.
Лекциянын жүрүшүндө жалпы экономиканы өнүктүрүүнүн келечеги, интеграциянын мындан аркы деңгээли, электр энергиясынын бирдиктүү рыногун түзүү, финансы маселелери көтөрүлдү. Лекция студенттердин жана ар кандай профилдеги магистранттардын чоң кызыгуусун жаратты
Лекциянын жыйынтыктоочу бөлүгү суроо-жоопко арналды. Студенттер окуу менен айкалыштыруу таризинде жумушка орношуу маселелеринен баштап, эл аралык экономикалык мамилелер системасындагы бажылык жөнгө салуунун ролунун өзгөчөлүгүнө чейин ар түрдүү маселелерге кайрылып, кызыктуу суроолорду берип, так, кенен жооп алышты.
Сѳзүнүн аягында Виктор Евгеньевич Ковалев М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдѳѳ университети экономикалык кадрларды даярдоодо жогорку окуу жайларынын арасында алдыңкы орунда турарын жана университеттин профессордук-окутуучулук курамынын илимий потенциалы жогору болгондуктан, экономика тармагында мыкты кадрларды даярдоону улантып жаткандыгын белгилеп ѳттү.