Новости 15:30 20.09.2024
«АДАМЗАТТЫН КОНТУРЛАРЫ: ПРОФЕССИОНАЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНДАГЫ СОЦИО-ГУМАНИТАРДЫК ИЛИМДЕР»
2024-жылдын 19-сентябрында М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинде Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана экономика илимдеринин доктору, профессор Т.К. Камчыбековдун 75 жылдык мааракесине арналган Экономикалык Форумдун алкагында «Философия жана коомдук-гуманитардык илимдер» кафедрасы «Адамзаттын контурлары: кесиптик билим берүү системасындагы социалдык-гуманитардык илимдер» аттуу эл аралык тегерек стол өткөрдү.
Иш чарага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Россиянын беш облусунан окумуштуулар, ЖОЖдордун жана орто атайын окуу жайларынын окутуучулары, студенттер, магистранттар, аспиранттар жана коомдук ишмерлер активдүү катышты. Тегерек стол алкагында 33 баяндама, 4 талкуулоо сессиясы жана 5 саат жемиштуу иш алып барылды!
Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар билим берүүнүн бүгүнкүсү жана келечеги тууралуу ой бөлүшүп, көйгөйлөр жана келечек тууралуу суроолорду беришти. Алматыда рухий, акыл-эс жана физикалык өнүгүүнүн биримдигине багытталган “Толык адам” билим берүү концепциясы чоң кызыгууну туудурду. Донецк улуттук экономика жана соода университетинин студент кыздары адамдык ар-намыс жөнүндөгү ойлорду ачык айтышты.
Тегерек столдун жыйынтыгында глобалдык чакырыктардын шартында кесиптик-техникалык билим берүү системасында коомдук-гуманитардык илимдердин ролун күчөтүү боюнча негизги корутундуларды жана сунуштарды чагылдырган Резолюция кабыл алынды.
«Философия жана социалдык-гуманитардык илимдер» кафедрасы