banner

КЭУда IV эл аралык ЖОЖдор аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырылды

Новости 18:30 22.05.2024

КЭУда IV эл аралык ЖОЖдор аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырылды

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Кыргызстандын жана КМШ ѳлкѳлѳрүнүн жогорку окуу жайларынын студенттери жана магистранттары  арасында «М. Рыскулбеков атындагы КЭУ» ИИУда 01.04.- 30.04.24  аралыгында өткөрүлгөн IV эл аралык олимпиаданын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

Олимпиада 20 дисциплина боюнча өттү. Бул жылы Философия, Туризмди туруктуу өнүктүрүү жана Экономикалык география дисциплиналары кошулду. Олимпиадага Кыргыз Республикасынын жана КМШ өлкөлөрүнүн ЖОЖдорунан бардыгы болуп 683 катышуучу катталган. Экинчи турга өткөн 242 студент арасынан финалга 75 студент чыгып, өз тармагы боюнча мыкты аталды.

Бардык катышуучуларга, студенттердин илимий жетекчилерине, эксперттерге жана бул иш чараны эсте калаарлык өткөрүүгө чоң салымын кошкон өнөктөштөргө терең ыраазычылык билдиребиз!

Толук маалымат үчүн шилтеме.

Фото репортаж ТГ каналда.

КЭУнун Facebook барагы.

КЭУ Инстаграмда.