banner

«МЕДИАЦИЯ - ЧЫР-ЧАТАКТАРДЫ ЧЕЧҮҮНҮН ЖОЛУ» ТЕМАСЫНДА КОНОК ЛЕКЦИЯ

Новости 09:30 17.05.2024

«МЕДИАЦИЯ - ЧЫР-ЧАТАКТАРДЫ ЧЕЧҮҮНҮН ЖОЛУ» ТЕМАСЫНДА КОНОК ЛЕКЦИЯ

2024-жылдын 15-майы, саат 18:30. Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетинде «Укуктук конфликтология» дисциплинасынын алкагында «Медиация чыр-чатактарды чечүүнүн жолу» деген темада практикалык медиаторлордун катышуусунда, «Медиация жана укук борборунун» директору, юрист, медиатор, тренер Сейитказиева Гүлмира Чырпыктыевна, М. Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУ нун «Философия жана коомдук жана гуманитардык илимдер» кафедрасынын м.а.башчысы, Республикалык медиаторлор коомунун мүчөсү, “Медиация жана укук борборунун” мүчөсү, медиатор, юридика илимдеринин кандидаты, доцент Тайлакова Салия Джеңишбековнанын юридика илимдеринин кандидаты,  «Мамлекеттин жана укуктун теориясы жана тарыхы» кафедрасынын доценти Суранчиева Г.Т. чакыруусу боюнча «Мамлекеттик кызматтын укуктук негиздери» магистранттары, бакалавриат студенттери, окутуучулар үчүн онлайн конок лекциясын өткөрдү

С.Дж. Тайлакова лекциясында медиация деген эмне, медиациянын принциптери, медиация процедурасы, медиациянын этаптары, медиатордун укуктук абалы, медиациянын түрлөрү, медиацияны колдонуу келишими, медиация келишими, маалымат жыйыны, медиацияны колдонуу эрежелери боюнча теориялык аспектилерине токтолду.

Сейитказиева Г.Ч. медиациянын практикалык аспектилерин, башкача айтканда медиациянын артыкчылыктарын, медиацияны колдонуу чөйрөсүн, медиацияга жөндөмдүүлүк түшүнүгүн, медиация процедурасынын соттук процесстен айырмалоочу өзгөчөлүктөрүн, медиация мүмкүн болгон учурларда, айрым категориядагы иштер боюнча медиацияны кароо. Гүлмира Чырпыктыевна Кыргыз Республикасында медиациянын калыптануу тарыхы, медиацияны ишке ашыруучу уюмдар жана 2024-2030-жылдарга медиацияны өнүктүрүү Концепциясы тууралуу айтып берди.

Магистранттар, студенттер, окутуучулар лекцияны зор кызыгуу менен угуп, медиациянын практикасы, жүргүзүлгөн медиациянын статистикасы, жарандардын медиацияга активдүү кайрылуусу ж.б.у.с суроолорду беришти.

Лекция жогорку теориялык жана практикалык деңгээлде окулуп, угуучулардын теманы үйрөнүүгө, активдүү катышуусуна жетти.

 

Юридика илимдеринин кандидаты, доцент Тайлакова С.Дж.