Новости 16:50 14.05.2024
"М. Рыскулбеков атындагы КЭУ" ИИУ менен аймакты кенейтүү
2024-жылдын 13-майында «Философия жана коомдук-гуманитардык илимдер», «Бизнес жана Укук» бөлүмдөрү жана 2-курсунун ЮРу-1,2-23 тайпасынын Юриспруденция багыты боюнча студенттери менен биргеликте Маевка айылындагы орто мектепте кесипке багыт берүү иштерин жүргүзүштү.
Досматов Белек адамдын кайсы бир кесипке ынгайлуулугун аныктаган кыска психологиялык тест өткөрүп, окуучуларды профориентациянын нугуна түшүрдү. Алышпаева Дильназ менен Рыспек кызы Алтынай Маевка орто мектебинин окуучуларына IT, Бизнес, Туризм, Банк иши, Юриспруденция, Маркетинг, Менеджмент, Экономика коопсуздугу, Бизнес башкаруу, Бизнес-информатика, Социалдык иш жүргүзүү адистик багыттар жөнүндө маалымат беришти. М. Рыскулбеков атындагы КЭУ илимий изилдоо университетинде баалуу практикалык билимдерди берүү менен окуучуларды инсандык өсүүгө шыктандырган мугалимдер менен сабактар канчалык кызыктуу өтүп жатканын белгилешти.
Окуучуларга Альфа, Бетта, Гамма, Дельта, Каппа боордоштуктарынын, активисттеринин жана отличниктеринин М. Рыскулбеков атындагы КЭУ илимий изилдөө университетинде студенттик жашоосу тууралуу жана алар көптөгөн жаңы досторду таап, дүйнөнү кыдырып, сынактарды жеңип, волонтер болуп ж.б. окуяларда катышып жүргөндөрү тууралуу видеороликтер көрсөтүлдү.
КЭУ илимий изилдөө университетинин студенттери өздөрүнүн баяндары менен окуу пайдалуу жана ошол эле учурда кызыктуу боло аларын көрсөтүштү.
Биздин университет академиялык билимди гана эмес, ийгиликтүү карьера жана өзүн-өзү өнүктүрүү үчүн куралдарды ала турган жер.
Философия жана социалдык илимдер кафедрасы,
Бизнес жана укук кафедрасы, КЭиС ПМК “Финансы дисциплиналары”