Новости 16:25 20.03.2024
Нооруз майрамы менен куттуктоо!
Сүйүктүү студенттер жана кымбаттуу кесиптештер!
Жаратылыштын жаңылануусун жана табияттын жандануусун жар салган Нооруз майрамы менен чын дилден куттуктайм!
Күн менен түндүн теңелишинин бул күнү биздин жетишкендиктерибизди баалоо жана алдыда турган жаңы мүмкүнчүлүктөр жөнүндө ой жүгүртүү үчүн эң сонун учур. Табият менен таттуу мамиледе болууну жана жашообузда тең салмактуулукка умтулууну эскерткен бул күндө, жазгы күндүн энергиясы бийик жетишкендиктерге шыктандырсын!
Бул күн жаркын идеялардын жана ийгиликтүү долбоорлордун башталышы болушуна жана ар бирибизге көптөгөн кубанычтарды, ийгиликтерди жана жетишкендиктерди алып келишине тилектешмин! Нооруз жергебизге тынчтык, элибизге ынтымак, экономикабызга өсүү, бакубатчылык жана мол ийгиликтерди алып келсин!
Терең урматтоо менен Алмаз Кадыралиев
latest_news
Ак жол, сага бүтүрүүчү! (ФОТО)
08:35 22.07.2024
Студенты отправились на стажировку во Францию
12:50 28.06.2024
3D тур по университету
11:05 28.06.2024
Церемония Выпуска студентов 2024 года
13:50 24.06.2024