Новости 16:05 06.04.2023
Студенттер жана магистранттар үчүн окуу жай арасында III Эл аралык олимпиада
Мамлекетибиз жана коомубуз тарабынан ЖОЖдордо жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоону камсыз кылуу боюнча заманбап талаптарга ылайык, студенттер жана магистранттар үчүн билим берүү программаларынын бир түрү катары олимпиадаларды ѳткѳрүү учурда актуалдуу бойдон калууда.
Студенттик олимпиада инсанды жана анын жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүдѳ жогорку кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатууга көмөк көрсөтүү максатында иштелип чыккан. Олимпиадалык кыймылга катышуу студенттерге жана магистранттарга Кыргыз Республикасында Жогорку кесиптик билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандартын ишке ашыруунун алкагында жалпы маданий жана кесиптик компетенцияларды калыптандырууда өздөрүнүн билимдерин, көндүмдөрүн жана жеке сапаттарын колдонууга көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү берет.
Ушул артыкчылыктарды эске алып, М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун 70 жылдыгына карата жогорку окуу жайлардын арасында студенттер жана магистранттар үчүн Эл аралык олимпиаданы өткөрөт.
2) Жогорку окуу жайлар арасында студенттер жана магистранттар үчүн эл аралык олимпиаданы өткөрүү графиги
№ |
Иш-чаралардын аталышы |
Дата |
Убактысы |
1. |
Катышуучуларды каттоо (онлайн) |
17.04.2023 - 24.04.2023 |
10.00-18.00 |
2 |
Маалыматтарды иштеп чыгуу |
25.04.2023 - 28.04.2023 |
10.00-18.00 |
3. |
Биринчи тур (онлайн) |
02.05.2023 - 15.05.2023 |
10.00-18.00. |
4. |
Экинчи тур (оффлайн) |
22.05.2023 - 29.05.2023 |
10.00-18.00. |
5. |
Жыйынтыгын чыгаруу (оффлайн) |
01- июнь 2023 |
10.00 |
3) Эл аралык олимпиадага киргизилген сабактардын тизмеси:
- Кыргыз тили жана адабияты;
- Орус тили;
- Англис тили;
- Математика;
- Информатика;
- Бизнес – информатика;
- Кыргызстандын географиясы;
- Кыргызстандын тарыхы;
- Экономикалык теория;
- Дүйнѳлүк экономика;
- Кыргызстандагы туризм;
- Менеджмент;
- Маркетинг;
- Стратегиялык менеджмент;
- Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары;
- Финансы;
- Салык жана салык салуу;
- Акча, насыя жана банктар;
- Заманбап шарттарда тамак-аш азыктарынын сапаты жана коопсуздугу;
- Экономикалык коопсуздук;
- Социалдык педагогика;
- Жарандык укук.
latest_news
Студенты НИУ КЭУ приняли участие в лекции МКК «Байлык Финанс»...
10:55 22.11.2024
КЭУ ИИУнун студенттери “Байлык Финанс” МККнын лекциясына катышты ...
10:35 22.11.2024
Преподаватели НИУ КЭУ приняли участие в круглом столе МФ КР...
10:00 22.11.2024