banner

КЭУ студенттери республикалык илимий-практикалык конференцияда ийгиликтери

Новости 12:00 05.04.2023

КЭУ студенттери республикалык илимий-практикалык конференцияда ийгиликтери

2023 - жылдын 4-апрелинде К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер, Айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Балян Григорий Айказовичтин 95 жылдыгына жана КРнын Эмгек сиңирген экономисти, техника илимдеринин кандидаты, Венгриянын КРдагы ардактуу консулу, К.И. Скрябин атындагы КУАУнун ардактуу профессору Балян Генрих Григорьевичтин 70 жылдык кош юбилейине арналган Республикалык студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференциянын иши 4 секция боюнча өтүп, анда 60тан ашык илимий баяндамалар угулду.

“Гуманитардык илимдер” секциясы боюнча эксперттик комиссиянын курамына Каттоо бөлүмүнүн башчысы, доцент Н. А. Маматова катышты.

М.Рыскулбеков атындагы ИИУ КЭУнун 8 студенти конференциянын ишине жигердүү катышып, өздөрүн мыкты деңгээлде көрсөтүштү.

 

№ п/п

Тайпа

Студенттин аты-жөнү

Баяндаманын темасы

Илимий жетекчи

1.                

ВЭД-1-19

Абдиев Сыймык Улукбекович

Dimension of digital economy and ecommerce

Кадыралиев А.Т.

2.                

Agricultural environment of digitalization in Kyrgyzstan

Осмонова Б.Б.

3.                

ФК-1-19

Толкунбеков Кутман Толкунбекович

Проблемы сельскохозяйственного сектора по направлению орошения сельскохозяйственных угодий по регионам Кыргызской Республики

Качиева А.А.

4.                

БУ-1-20

Аттокурова Сайкал Назаркуловна

Интегрированная отчетность в обеспечении устойчивого развития предприятия

Ногойбаева Э.К.

5.                

МВА-1-21

Сариева Майрамкүл Бекназаровна

Социалдык иштин көйгөйлөрүн чечүүдө инновациялык технологияларды колдонуунун зарылдыгы

Сулайманкулова Ж.К.

6.                

ВЭД-1-21

Жумадылова Айзада Канатбековна

Электрондук бизнести жүргүзүүдө кыргыз тилинин маанилүүлүгү

Жапаралиева Н.Ж.

7.                

ВЭД-1-21

Аскарбекова Медина

Мамлекеттик тилдин көйгөйү жаштардын көз карашында

Жапаралиева Н.Ж.

8.                

РБ-1-20

Юсупов Амир Акрамович

Повторное использование и переработка отходов в рамках зеленой экономики

Донченко О.А.

Конференциянын жыйынтыгы боюнча ВЭД-1-21 тайпасынын студенти Жумадылова Айзада Канатбековна "Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер" кафедрасынын башчысы, доцент Н.Ж. Жапаралиеванын жетекчилиги астында  “Гуманитардык илимдер” секциясы боюнча  2-орунду ээледи. А.К Жумадылова II даражадагы диплом менен сыйланып, акчалай 20 000 сом байге фонду ыйгарылды.

ВЭД-1-19 тобунун студенти Абдиев Сыймык Улугбекович ИИУ КЭУнун ректору, э.и. к., доцент А. Т. Кадыралиевдин жетекчилиги астында “Техникалык илимдер” секциясы боюнча 4-орунду ээледи(байге фонду 5 000 сом).

Конференцияга илимий баяндамаларды даярдоо боюнча тырышчаактык, талыкпастык менен өтө жемиштүү иштегендиктери үчүн студенттердин жетекчилерине терең ыраазычылык билдирилет!