Новости 17:05 11.03.2023
Француз карнавалы КЭУ да
2023-жылдын 10-мартында М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинде (ИИУ КЭУ) Эл аралык “Франкофония жумалыгы” жана эл аралык Эне тил күнүнө карата“КАРНАВАЛ” аттуу салтанаттуу кече өткөрүлдү.
Окуу жайдын Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасы тарабынан уюштурулган иш чарага КР Франция мамлекетинин элчиси Франсуа Делаус мырза жана элчиликтин өкүлдөрү, Кыргызстандагы Француз альянсынын директору Бегимай Исраилова, Кыргызстандагы француз тили мугалимдеринин Ассоциациясынын президенти М.С.Акчекеева, М.Рыскулбеков атындагы ИИУ КЭУ ректору А.Т.Кадыралиев жана окуу жайдын профессордук-окутуучулук жамааты, студенттери, ММКнын өкүлдөрү катышты. Иш чарада Бишкек шаарындагы №6, №24, №26, №68, №70-гимназия мектептеринин окуучулары активдүүлүгүн көрсөттү.
Кечеде аталган гимназия мектептердин окуучулары жана М.Рыскулбеков атындагы ИИУ студенттери француз тилинде көркөм окуу, сценка аткаруу, макал-лакаптарды айтуу жана француз тилин үйрөнүүгө шыктануу тууралуу ой бөлүшүп, ырларды, бийлерди аткарышты.
Эң мыкты аткаруучуларга сыйлыктар жана I-II-III даражадагы дипломдор, грамоталар, сертификаттар, жетекчилерине ыраазычылык каттар тапшырылды.
Иш чаранын негизги максаты - Эне тилди жайылтууга болгон бардык кадамдар тилдик түрдүүлүктү жана көп тилдүү билим алууга, дүйнө боюнча тилдик жана маданий салттар менен таанышуу өнүгүүсүнө гана көмөк көрсөтпөстөн, бири-бирин түшүнүү негизиндеги тилектештикти, чыдамдуулукту жана пикир алышууну чыңдоо.
Дүйнөдө канча улут болсо, ошончо тил болот эмеспи, ал эми көп түрдүүлүк, көп маданияттуулук өлкөнүн, дүйнөнүн байлыгы.
latest_news
Студенты НИУ КЭУ приняли участие в лекции МКК «Байлык Финанс»...
10:55 22.11.2024
КЭУ ИИУнун студенттери “Байлык Финанс” МККнын лекциясына катышты ...
10:35 22.11.2024
Преподаватели НИУ КЭУ приняли участие в круглом столе МФ КР...
10:00 22.11.2024