Новости 16:10 10.03.2026
Кыргыз коомунун өнүгүүсүндөгү даанышмандардын ролу
2026-жылдын 5-мартында М.Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУнун мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасынын доценти, педагогика илимдеринин кандидаты Ж.А.Турпанова БУ(к)-1-25 тайпасында «Кыргыз коомунун өнүгүүсүндөгү даанышмандардын ролу» темасында эссе жаздыруу жана талкуу сабагын өткөрдү.
Сабактын жүрүшүндө студенттер өз ойлорун жазуу жана талкуулоо аркылуу билдирип, даанышман инсандардын коомдогу орду жана алардын тарыхый мааниси тууралуу пикир алышты. Иш-чара студенттердин ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана өз оюн эркин жеткирүүгө багытталды.