Новости 18:20 26.01.2026
Елисей келишиминин 63 жана Аахен келишиминин 7 жылдык мааракеси
22.01.2026ж Франция жана Германия Элчиликтери Елисей келишиминин 63 жана Аахен келишиминин 7 жылдык мааракесин белгилешти.
Бул келишим Франция жана Германия эли элдешип, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун бекем пайдубалын түптөө менен ынак өнөктөштөргө айланган.2026ж.21.01 саат 16:00 дө Бишкектеги улуттук тарых музейинде француз-герман кызматташтыгы тууралуу жыйын өттү.
Ага Германиянын Тышкы иштерминистрлигинин Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Никлас Вагнер, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров, Франциянын элчиси Николя Фай, Германиянын элчиси Моника Ленхард айым жана Европа Биримдигинин элчиси Реми Дюфло катышты.
Талкууда француз-герман элдешүүсүнөн алынган сабактар, элдешүүнүн Европада тынчтыкты орнотууга жана өнүгүүгө тийгизген таасири, ошондой эле Европа менен Борбордук Азиянын ортосундагы кызматташтыктын келечеги талкууланды.
2026-жылдын 22-январында саат 16:00дө Флоранс Миайльдин режиссёрлугунун алдында 2021-жылы жарыкка чыккан, француз-чех-немис “Аргасыз сапар” анимациялык тасмасы, Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө (Логвиненко 13) көрсөтүлдү.
Бул жогорку сыйлыкка ээ болгон тасма сүргүндөгү жашоо, кайраттуулук жана үмүт жөнүндөгү универсалдуу окуяны баяндайт. Тасманын негизги темасы Елисей жана Аахен келишимдеринде камтылган тынчтык жана диалог баалуулуктарына дал келет.
Эки иш-чара тең жалпы коомчулук, айрыкча мекеме өкүлдөрү, студенттер, дипломаттар, жарандык коомдун ишмерлери жана маалымат каражаттары үчүн ачык өттү.
Бул эл аралык жыйын-майрамга КЭУ ИИУ нун студенттери катышып эл аралык Елисей келишиминин 63 жана Аахен келишиминин 7 жылдык мааракеси тууралуу маалыматка күбөө болуп келишти.
latest_news
Елисей келишиминин 63 жана Аахен келишиминин 7 жылдык мааракеси...
18:20 26.01.2026
Приглашение на тренинг по кросс-дебатному формату (КДФ)...
16:30 20.01.2026
Курсы повышения квалификации ППС в НИУ КЭУ им. М. Рыскулбекова...
15:45 19.01.2026
Бесплатные вебинары CLARIVATE (ZOOM)
15:35 10.01.2026