Новости 13:15 25.12.2025
КЭУ ИИУнун жалпы жамааты Урустемова Жибек Бакытовнанын үй-бүлөсүнө көңүл айтат
Урустемова Жибек Бакытовнанын өзүнүн туулган күнүндө мезгилсиз жана кайгылуу дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. Ал үч баланын энеси, Муса Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУнун ага окутуучусу болгон.
Жибек Бакытовна адамгерчилиги бийик, боорукер, өз ишине берилген мыкты адис эле. Ал кесиптештеринин урмат-сыйына ээ болуп, студенттеринин жүрөгүндө жакшы из калтырды. Анын жылуу мүнөзү жана ак ниети эч качан унутулбайт.
Бул кайгы — үй-бүлөсү, жакындары жана кесиптештери үчүн орду толгус жоготуу.
Кош бол, Жибек! Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун.
Маркумдун туугандарына жана жакындарына бардык кесиптештердин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
С глубокой скорбью восприняли известие о трагической гибели Урустемовой Жибек Бакытовны — матери троих детей, преподавателя НИУ КЭУ имени Мусы Рыскулбекова, ушедшей из жизни в день своего рождения.
Жибек Бакытовна была светлым, добрым и отзывчивым человеком, искренне преданным своему делу. Она пользовалась уважением среди коллег и любовью студентов. Её профессионализм, человечность и доброта навсегда останутся в нашей памяти.
Это невосполнимая утрата для семьи, близких, коллег и всего академического сообщества.
Прощай, Жибек. Пусть земля будет тебе пухом.
Коллектив и коллеги выражают искренние соболезнования родным и близким покойной.