banner

ИИУ КЭУ Кытайдагы расмий өкүлү менен меморандумга кол койду

Новости 17:05 18.01.2023

ИИУ КЭУ Кытайдагы расмий өкүлү менен меморандумга кол койду

Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университети (ИИУ КЭУ) “Синьцзян Бошоу” билим берүү консалтинг компаниясы менен бир катар сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, 13-декабрда өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койду жана аны Кытайдагы расмий өкүлү кылып тандады.

Бул келишим Кыргыз экономикалык илимий изилдөө университетинин Кытайдагы эксклюзивдүү өкүлчүлүгүнүн укуктарын камтыйт.

“Синьцзян Бошоу” билим берүү консалтинг компаниясы эки тараптуу келишимдин негизинде Кытайдын студенттери жана билим берүү мекемелери менен бир катар иш-чараларды өткөрөт.

Келишимге ылайык, ИИУ КЭУ студенттеринин Кытайга үч жылдык колледждик программаларга баруу мүмкүнчүлүгү каралат, компания консультациялардын толук спектрин камсыз кылат жана стипендиялык программаларга тапшыруу мүмкүнчүлүгү менен кесиптик багытка жооп берген колледждерди табат.

Келишим бардык студенттер үчүн Кыргыз экономикалык университетинин эшигин ачып, окууга жана андан кийинки бакалавр, магистратура жана докторантурага тапшырууга мүмкүнчүлүк берет.

 Окуу программалары: англис жана орус тилдериндежүргүзүлүп, ошол эле учурда тил уйрөнүү курстары да сунушталат.

Эл аралык кызматташтыктын алкагында бул иш-чара университеттин эл аралык байланыштар бөлүмү тарабынан өткөрүлүп жаткан иш-чараларга колдоо болот.

ИИУ КЭУ жетекчилиги атынан бул жаңылыкты университеттин жамааты менен бөлүшүүгө жана абитуриенттерди көп улуттуу өлкөбүздүн борборунда тосуп алууга кубанычта болобуз!