Новости 09:35 17.11.2025
"Манас” улуттук академиясы менен кызматташтык
2025-жылдын 14-ноябрында М.Рыскулбеков атындагы ИИУ КЭУ менен “Манас” улуттук академиясынын ортосунда байланышты чыңдоо максатында меморандумга кол коюу аземи болуп өттү. Бул иш-чаранын алкагында, Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасы тарабынан биргелешип тартылган Чохан Валиханов тууралуу даректүү тасманын бет ачары КР жогорку окуу жайларынын ичинде алгачкы болуп, КЭУнун Чоң жыйындар залында студенттерге, профессордук-окутуучулук жамаатка тартууланды.
Меморандумдун негизги өзөгүн төмөнкү олутуу маселелер ээледи.
1. Манас” эпосун окутуу жана популяризациялоого байланыштуу иш чараларды биргелешип өткөрүүгө;
2. “Манас” таануучу окутуучулардын квалификациясын жогорулатууда ар тараптан колдоо көргөзүүгө;
3. Академия тарабынан окуу жайдын илимий макалаларын, окуу-усулдук колдонмолорун, окуу-усулдук материалдарын басмадан чыгаруу демилгесин жетекчиликке алууга;
4. Академия тарабынан өткөрүлүүчү республикалык, эл аралык конференцияларга, симпозиумдарга студенттерди волонтер катары тартууга;
5. Академия адистеринин тандоо боюнча курстарын же конок-лекцияларын уюштурууга; ж.б
Жыйынтыгында, Чохан Валиханов тууралуу даректүү тасма тартууланып, ИИУ КЭУнун жетекчилигине академия тарабынан баалуу белектер берилди.
Иш-чараны уюштурууда жигердүү иш алып баргандыгы үчун ИИУ КЭУнун Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасына ыраазычылык билдиребиз!
latest_news
Ректордун Студенттер күнү менен куттуктоосу
10:00 17.11.2025
"Манас” улуттук академиясы менен кызматташтык
09:35 17.11.2025